Анжелика “күйөөсүнөн же көңүлдөшүнөн жок” дейби?

Бүгүн, “АЗИЯnews” гезитинин  СМС үкөк бетиндеги айрым пикирлерди окурмандарга жарыя кылабыз.

33270. “Элдин оозу бир болсо, хандын оозу тим болот” дешет акылмандар. А бирок, бийликтен кетсе да экс-ажонун оозу тыйылбады го чиркин! Жедигертегин

33296. Анжелика кызыбыз “уйдан жок же уй байлаган жиптен жок” дегендей же күйөөсүнөн же жанагы атын таппай атам, көңүлдөшүнөн жок жаман болуп атыптыр дешет, ушул чынбы ыя? Күлчоро

33271. Апенди 6-чакырылыштын депутаты болчу. Жеңил ойлуу аялын эскертип коюу максатында “Отелло” спектаклине барат. Бүткөндө таасирленген аялы “автор сахнага чыксын!” деп кыйкырса, Апенди “эй наадан, отур, автору өткөн жылы өлгөн” дептир.

Булак: “АЗИЯnews”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу