Анжелика: «Кыздарыма тийишпегиле!…»

Сын айтып, ушак сүйлөгүбүз келген учурда ырчы Анжеликанын үй-бүлөсүнө кийлигишип баштайбыз. Анын мурунку  жолдошун, кайненесин, өзүн,  жада калса кыздарын сөз кылып, өзүбүздүн жыйынтыгыбызды чыгарып койдук окшойт. Мына ушундай сынчылдарга ырчы айым инстаграм баракчасына төмөнкүчө кайрылды…

«Акыл- эси ордунда кээ бир адамдар- кыздарыма тийишпегиле! Ата-энесине эркелеп чоңоюп жатышат! Менин жеке жашоомду кооздоп жатканыңар ансыз деле жетишет! Болду эми, кармангыла!!!»-дейт ырчы айым.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу