Анжелика карылар үйүндөгү ата-апалардын каалоосун орундатты…

Ырчы, алып баруучу Анжелика Бекболиева 1-октябрь карылар күнүнө карата көпчүлүгү алыстыгына карап барбаган Серафимовкадагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүнө барды. Улгайгандардын батасын алып, белектерин тапшырды. Бул тууралуу ырчы instagram тармагындагы баракчасына жазды.

«Мээримдүү, чекеңден өөп батасын аябаган ата-апаларды кандай адамдар карылар үйүнө жиберишет? Өз канынан жаралган балдарынын жоругун угуп таң каласын. Кээ бирлерине Жаратканым наристе бербептир. Айтор, ар башка тагдыр болсо да бири-бирине жөлөк болуп жашап жаткан чоң үй-бүлөдө конок болуп кайттык. Сапарыбыз 1-октябрь, карылар күнүнө арналды. Бул күнү майрамда куттуктап баргандар көп болсо керек деп ойлогонбуз. Тилекке каршы бул Серафимовкадагы үйгө көпчүлүгү алыс деп барышпайт экен. 11 жылдан бери бул карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген үйдү Бакыт байке өз үйүндөй карап, жылуулукту кармап, кубаныч, ишенич тартуулап келет. Абдан таланттуу адамдар менен бирге болгон жолугушуубуз 3 саатка уланды. Сураган белектерин тапшырып Айзад, Насыйкат жана gezit.kg жамааты менен үйгө кайттык»,-деп жазды ырчы.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу