Анжелика: «Жөн эле күлүп турган видеомду алышып, мени «мас» болуп жүрөт деп жазып коюшуптур…»

Ырчы Анжелика инстаграм баракчасындагы күйөрмандары тарабынан келген   суроолордун  ар бирине токтолуп жооп берип,  аны  өзүнүн баракчасына жарыялады. Анда,  түрдүү темадагы суроолор орун алып, анын ичинен, «Мас болгон видеоңуз интернетте жүрөтго, ушул чынбы? «-деген суроо берилген.  Ырчы айым бул суроого төмөкүчө жооп сунду:

«Албетте, калп! Тааныш кызымдын сторисиндеги  жап-жакшынакай видеого, күлүп турган кезимди жөн эле «мас»- деп жазышып коюшуптур»-дейт ырчы айым.

Мындан сырткары кызыктуу суроолорго ирети менен жооп жазган ырчы, өзүн эмне үчүн дайыма күчтүү алып жүрөрүн да айтып өттү:

«Мага ишенген күйөрмандарымда жана жакындарымда. Ошолорду кубандырыш үчүн күчтүүмүн»-дейт ырчы Анжелика.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу