Анжелика жаш жеткинчектерди Ысык-Көлгө лагерге жөнөттү

  1. Ырчы Анжелика буга чейин бизге (Gezit.kg) турмуш-шарты начар, эс алууга мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөнүн 13-14 жашка чейинки балдарын Ысык-Көлгө лагерге жиберээрин маалымдаган. Айткандай эле бүгүн, 10-июлда Анжелика айым ага кайрылган жаш жеткинчектердин турмуш-баянын угуп, аларга бактылуу балалыктын көз ирмемдерин тартуулоо максатында өзүнүн кыздарына кошуп, Ысык-Көлдөгү “Волна” пансионатына 7 күнгө бекер эс алууга жөнөттү. “Балдар – биздин келечек” деген ырчы айым буларга токтолду:

— Чынын айтсам дайыма айланамдагы адамдарды кубанткым келет. Баары бактылуу болсо деп тилейм. Тилекке каршы, ар кимибиз бакытты ар кандай түшүнөбүз. Эң негизги бакыт бул — тирүүлүк эмеспи. Ал эми калганы жашоодо боло турчу көйгөй, ал көйгөйдү ар ким ар кандай чечет.

Айрымдары позитив көз караш менен карап, оңой жеңсе, кээ бири сынып калат. Баарыбыз тирүү жанбыз. Эртең эмне болоорубузду эч ким билбейт. Ошондуктан, бул тирүүлүктө колумдан келишинче менин колдоомо муктаж болгон адамдарга жардам берсем дейм.

Мен таптаган кичинекей балапандар канат кагып бийикке учушса, ошол менин жеңишим деп билем жана келечекте ошол балапандардын бир гана “рахмат” деген сөзүнө ыраазы болуп, алардын ийгилигин көргүм келет.

Лагерге барчу балдарды жардамчы кызым экөөбүз тандап алдык. Алардын жакындары жашоо-шартын баяндап, кат жазышкан. Ошол каттын негизинде алардын сүрөттөрүн көрүп, телефон чалып чакырдык. Кыргызстандын ар бир облусунан келишти. Асема деген кызыбыз Токтогулдан келген болсо,

Токтобү Лейлектен ал эми Жылдыз деген кызыбыз Оштон келишти. Буйруса балдардын эс алуусу тууралуу видео баяндама да жасайбыз!

Жеткинчектердин ата-энелери жана жакындары өтө кубанычта экенин жашырышкан жок. Алардын бири Зууракан эже кубанганынан жашып буларды айтты:

— Жумабек 14 жашта. Ата-энеси жол кырсыгынан улам каза болуп калышкан. Ошондон тарта байкемдин колунда чоңойду. Жайкы каникулда Кочкор-Атадан Бишкекке мага келди эле. Анжелика балдарды лагерге жөнөтүп жатканын угуп эле, дароо көрсөтүлгөн номерге иним тууралуу кат жаздым. “Лагерге даярдана бериңиздер!” деген жооп келгенде өтө кубандым.  Азыр да эмне деп ыраазычылык айтаарымды билбей турам. Кылган жакшылыктар сөзсүз Кудайдан кайтат. Чоң рахмат сага, Анжелика!

 

Жаркынай эже, 13 жаштагы Гулинанын апасы:

— Биз Бишкекте турабыз. 6 баланын энесимин, кичинекейим 2 жаш. Үй кожойкесимин. Жолдошумдун деле туруктуу жумушу жок. Гулина экинчи кызым. Инстаграмда Анжеликанын катталуучуларынын биримин десем да болот. “Атагы чыккан алыска, жанына барсаң бир киши” дегендей, Анжеликаны мындай жөнөкөй деп ойлобогом.  Буга чейин интернеттен гана көрбөсөм жолугам деп да ойлогон эмесмин. Балдарды лагерге чакырып жаткандыгы тууралуу  анын баракчасынан көрүп, турмуш-шартымды түшүндүрүп кат жазгам. Анан эле тел.номеримди сурап, чалып калса болобу? Дароо кошуналарыма чуркап барып, “Анжелика мага чалды, кызымды лагерге алып бармай болду» деп кубанганымдан эмоциямды жашыра албай калдым. Эне деген ушул экенбиз да, балдарыбыз үчүн бар аракетибизди кылып, жакшы жыйынтык чыгараганга аракет кылат экенбиз. Анжеликага Кудайдын көзү түз болсун дейм! Чексиз ыраазычылык!

 

Мурзалиева Динара, 13 жаштагы Токтобү Турсунбек кызынын таежеси:

— Эжемдин (Токтобүнүн апасы) каза болгонуна 2 жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында ал үйдөгү бүт тириликти кылып келет. 7 жашар 1-топтогу майып иниси бар, ошону карайт, үй жыйнайт, кир жууйт, мектепке барат, айтор баарына жетишет. Анан дагы чарчадым дегенин укпайбыз. “Энелүү жетим — эрке жетим, аталуу жетим – арсыз жетим” дегендей, эне болбосо кыз кишиге кыйын эле экен. Атасы караан болгону менен, эненин орду башка да. Азыр аял жасачу үйдүн түйшүгү бүт ушул 13 жаштагы Токтобүнүн мойнунда. Ысык-Көлдү көрүү үчүн атайы Лейлектен Бишкекке келди. Лагерден келген соң меникинде жүрүп кетет. Ушундай сонун мүмкүнчүлүк түзүп берген Анжелика айымга терең ыраазычылык айтам. Анжеликанын кайрымдуулук иштерин көп кылаарын билем жана мен ойлогондон да мээримдүү экенине дагы бир жолу ынанып турам. Кыргыздын кең пейил кызы деп сыймыктануу менен айта алам. Канчалаган байлар жүрөт убактыларын аяп. Аларга караганда ушул тырмактай кыз эрдик жасап жатат. Аллах ыраазы болсун демекчимин!

 

“Бактылуу Айым” долбоорунун катышуучусу Төлөева Асыл эже дагы Анжеликага болгон ыраазычылык кебин мындайча билдирди:

— “Бактылуу Айым” долбоору мени өзгөрттү деп айта алам. Мен азыр өзүмдү эң бактылуумун деп эсептейм. Жашоонун күңгөй тарабына гана бет тосконду үйрөндүм. Адам канчалын мокогон сайын ийиле берет. Акыры сынып жок болот. Ал эми мен Анжеликанын тайманбастыгына, күчтүүлүгүнө баа бердим. Бул жалганда бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбасак дейм. Учурдан пайдаланып, дагы бир жолу Анжеликага ыраазычылык айтам! Лагерге кызымды да кошуусун суранган элем, “кызыңызды өзүңүз карап эс алдырып келиңиз» дегенине аябай кубандым. Кызым экөөбүз толкунданганыбыздан түнү менен уктаган жокпуз. Жайдын ысык аптабында Көлдө эс алган керемет болсо керек…

Балдарга арнап белек-бечкегин камдай келген Анжелика алардын баарына колундагы таттуларды жана оюнчуктарды таратып, жакшы маанай тартуулап, 7 күндүк эс алууга узатты!

 

Даярдаган Феруза КЕРИМАЛИЕВА

БУЛАК:gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу