Анжелика жеке баракчасына 101 роза менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, «Розаны ким берди? -деп кызыксаңыздар, учурда жан дүйнөмдү жылытып, мага жакын болгон адамдардын биринен алдым»-деп жазды. Бул билдирүүнү окуган интернет колдонуучулар дароо эле табышмактуу адамдын жандырмагын тапканга аракет кылып, түрдүү билдирүүлөрдү калтыра башташты. Кээ бири «ачык эле айтыңыз да ким экенин, бизди ойлонтпой»-деп жазышса, айрымдары, «бактылуу болуңуз»-деген каалоолорун билдиришкен.
БУЛАК: argument.kg