Анжелика жана «Бактылуу айым» сынагынын жеңүүчүсү балдары менен биргеликте Анталияда эс алышууда!

Ырчы Анжелика буга чейин 1-2-май күндөрү Ош шаарындагы концертинде  «Бактылуу айым» сынагын уюштуруп, жеңүүчүсүн балдары менен кошо Турцияга ала барып эс алдырып келе тургандыгын айткан эле.

Учурда сынактын жеңүүчүсү Аймира уулу Жунус жана Анжелика кыздары менен чогуу Турциянын Анталия шаарында эс алышууда.

«Турцияга 28-июнда учуп келдик. Балдарыбыз менен бирге эс алып, кудуңдап жүргөн чагыбыз. Алдыда дагы көп пландар бар. Айткандарымды чекесинен аткара баштадым» — деген Анжелика жакында дагы абитуриенттер үчүн  жакшы сынак бар экенин кошумчалады.

БУЛАК:Гезит.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу