Анжелика: «Балким Айчүрөк Иманалиева менен Урмат жок болгондо мындан да бактылуу болмокмун…»

Ырчы Анжелика  көп учурда өздүк баракчасына билдирүү калтырып, күйөрмандары менен бөлүшүп турат.  Бул ирет ырчы айым өз баракчасына төмөнкү билдирүүнү жазды. Анда, «Мактайсыңар, көз көрбөгөн баракчаларда жамандайсыңар, кайра мактайсыңар, силердин эмес, менин башым айланып калды!»-деп бирөөдөн күмөн санагандай. Мындай билдирүүгө интернет колдонуучулар өздөрүнүн пикирин калтырса, ал эми «mydyrysova» аккаунтунун колдонуучусу ырчы Анжеликага, «Ушул даражага сени кимдер жеткиргенин унутпа, артыңды  бир кылчайып карап алып сүйлөп жүр!Айчүрөк менен Урмат болбогондо сен мындай даражага жетмек эмессиң. Мен калыстык сөзүмдү айттым…»-деп  жазып калтырган, бул интернет колдонуучуну жоопсуз калтырбаган Анжелика, «Ушул даражага кантип жеткенимди бир гана Кудай билет! Балким ал экөө жок мындан да бактылуу болмокмун! Кайдан билесиң!?»-деп суроолуу жооп берди.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу