Анжелика: «Алгачкы концертимди бергенде эл залга батпай калган, бирок акчам жок үйгө 38-автобус менен кеткем…»

«Жаш кезимде чоң кишилердей эле иштептирмин. Бирок эсимде, алгачкы концертимди койгондо уйгө кеткенге акчам жок 38-автобус менен эртеси үйгө кайткам» деп ырчы Анжелика бир кездердеги ичинде калган бугун айтып, агынан бир жарылып алды. Бул тууралуу ырчы жеке баракчасы аркылуу жазды.

«Көрсө өспүрум кезимде эле чоң кишилер менен бир тең иштептирмин. Көп нерсеге бышыптырмын. Алгачкы концертибизди борборго бергенде эл залга батпай, ичинде канча адам болсо, сыртында да ошончо адам калган. Концертим бүткөндө үйгө кеткенге таксиге акчам жок, эртеси 38-автобуска олтуруп кеткеним эсимде. Апам болсо үйдө жаш баласы менен. Атам Америкада эле»-дейт ырчы. Бул — менин көңүлумдө калган нерселер. Эч кимди жамандаган жокмун» деп кошумчалады.

Муну окуган көпчүлүк колдонуучу ырчыны «Өзүң баштайсың, баары тынчып калганда» дешти. «Ал кезде атыңа иштегенсиң, эми азыр үзүрүн көрүп жатасың»- деп ырчынын нааразы болгонуна кошула бербегендер дагы чыкты.

Анжелика «Чындыкты айтып жатам» деп пикир калтыруу бөлүмүнө өз оюн жазган.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу