Анжелика: «Айжанга айтарым, сенин балдарыңдын нанын талашкан жокмун. Мени жашооңо аралаштырба»

Эсиңиздерде болсо, ырчы Анжеликаны Айжан аттуу айым социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “үй-бүлөмдү бузду “ деп айыптаган. Эми ал айым Инстаграмдагы баракчасына 3 баласынын атасы – жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана  инновациялар мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси Марат Назарбековдун балдарына алимент төлөбөй жатканын жазып чыкты. Ал гана эмес, ишкердин баасы 1 жарым миллион доллар турган үйдө жашаарына, 100 миң долларлык бир нече машине айдаарына чейин айтып өттү. Интернет баракчасындагы катар чыккан билдирүүлөрүнүн биринде ырчы Анжеликанын укук коргоо органдарына жазган арыздарын да жарыялады. Бул окуядагы талкуудан улам ырчынын оюн угууну эп көрдүк.

-Анжелика учурунда сага көпчүлүк ишенбей “бир үй-бүлөнү бузду” дешти эле, азыр ал окуянын башкача түсү ачыла баштады окшойт…

-Ал окуя январь айынан бери уланып келе жатат. Айжан мурунку күйөөмдү жана Анжеликаны коркутуп алам деген ойдо мага жалаа жапкан. Чындыгында Марат экөөбүздүн достук мамилебиз бар. Бирок кыз-жигит мамилебиз жок. Мен бирөөнүн күйөөсүнө көз арткан адам эмесмин. Мен андайды жаман көрөм. Бирөөнүң бактысын бузуп, бактылуу жашап кеткен адамды да көргөн жокмун. Биринчи ызы-чууда Марат менен сүйлөшкөм. “ Ортодо үч балаңар болсо, ызы-чуу кылбай эле чечишип албайсыңарбы. Мени сенин ойношуң деп аялың жазып жатат”-дегем. Андан кийин Айжандын телефонуна өзүм чалдым. Ал мага “Мараттан мен сураган нерсенин баарын алып бер”-деди. Мен “ Менде кандай маселең бар? Марат менен сүйлөшө албай жатсаң, сүйлөштүрүп берейин. Бирок сен каалаганды сурап бере албайм. Анткени анын жашоосунда мен сурап бергидей деңгээлдеги адам эмесмин” деп түшүндүргөм. Ошондо өкүрүп-бакырып укпай койгон.

-Ал айымга карата да  арыз жазыптырсың…

-Айжандын атына арыз жазганым чын. Интернетте мага каршы баракча ачылып, кыздарыма ата-энеме карата туура эмес сөздөрдү жазып жаткандыктан орган кызматкерлерине кайрылгам.  Менеджерим да мени каралаган аккаунтка жазган. Ошондо кыздар “ал жерде Айжан өзү, апасы, эжеси отурат экен” деп айтып калышты. Бирок чын бышыгын билбейм. Кайрылган кыздарга тигил аккаунттан “Мен сиңдимди коргогонго укугум бар” деген кат келген. Ошол уккан нерсемди эле арыз кагазыма жаздым. Эртеси күнү мага каршы ачылган баракча  жабылып калды.

-Марат Назарбековдун карындашымын деп бирөө чыгып жатат, анын жазгандарын окудуңбу?  

-Ооба, анын жазгандарын курбуларым жиберишти. Мен аны жеке тааныбайм. Бирок, менеджерим байланышса, “ооба, мен карындашымын, болгон чындыкты жаздым” дептир. Мен деле азыр 3 кызы менен ажырашкан аялмын. Жолдошум мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам  берсе берет, бербесе жок. Бирок мен аны эч качан “балдарды бакпай жатасын” деп айыптабайм. Адамга мүмкүнчүлүк бериш керек. Мурунку жолдошум кыздарымдын окуусун деле төлөчү эмес. Мен аны доомат кылган жокмун да. Балдарын бакпаган эркектерди жек көрөм. “Айжан менин кийип жүргөн кийимдеримди көрүп алып, “Марат алып берип жатат” деп ойлоп жатса керек. Менин демөөрчүлөрүм- Инстаграмдагы окурмандарым. Окурмандарым көп болгондуктан, ар кандай ишканалар белектерин берет. Айжанга айтарым, сенин балдарыңдын нанын талашкан жокмун. Мени жашооңо аралаштырба. Белиңди бекем бууп иште, эч кимге ишенбе дейт элем. Айжан бул жолкусунда бактылуу боло албай калдыбы, дагы аракет кылып көрсүн. Менин да үй-бүлөм урады, көнүлүм калды, бирок жашоодон көңүлүм калган жок. Мен иштей берем, алдыга умтула берем.

БУЛАК: Супер Инфо гезити 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу