Ырчы Анжелика азыркы тапта чет өлкөдө эс алып жүргөн учуру. Ырчы айым кайда болбосун өздүк баракчасы аркылуу күйөрмандарына сүрөт, видеолорун бөлүшүп, кабарын билдирип турат. Бул ирет ырчы Анжелика , «Адамдын курсагы гана эмес, көңүлү дагы ток болуш керек. Ач көздүк- ич күйдүүлүк менен барабар экен. Көңүл ток болсо , пейилиң кенен болуп,маанайың ачык болсо- оюна жакшы нерселер келип, оозунан жакшы сөз чыгат…»-деп instagram баракчасына жазып калтырган.
БУЛАК:http://argument.kg