Анжеликанын апасы Гулина айым: «Анжеликаны кандай максатта чоңдорго салып берип жүргөнү бештен белгилүү»

– Анжелика «Айчүрөк» эстрада тобуна кантип келип калганы тууралуу баяндап берейин. Анжелика Бишкектеги М.Абдраев атындагы музыкалык жатак­мектептен 1­ классты бүтүп, жайкы эс алууга келген болчу. 5-­6 ­августта азыркы «Кырк­Чоро» кинотеатрына Айчүрөк Иманалиева концерт коюп сынак өткөргөн, анда Анжелика да катышкан. Эртеси «кызыңыз сынактан өттү»- деп куттук айтып келишти. Ошентип 8 жашынан тартып 17 жашка чейин май айында мектептен алып кетип, сентябрдын аягында кайра мектепке жөнөтчү. Көргөндөр айтып эле жүрдү «кызыңыз каралган жок, эл тебелеген жерде уктап калат» деп. Баланын эмгеги деген нерсе бар, бирок мен муну талап кылган эмесмин. Бир жолу ангинасы кармап, дене табы көтөрүлүп жаткан. «Тамагы ооруп жатат, кантип ырдайт?» десем, «Ой, фонограмма менен ырдайт. Эл билип коюптурбу?» деп алып кетип калган. Фонограмма менен ырдатып, элди алдаган ким? Үнү жок болсо кызымды эмнеге алып жүрдү? 1­2 жылдан кийин «үнү ачылбай койду» деп кетирип койбойт беле? «Жакшы ырдайт, сонун ырдайт» деп элди алдап жүрдү да? Маркум Мухтар Өмүракунов тууралуу айтып жатат. Мен бул маркумдун атын атагым келген эмес. Айчүрөк сөөгүн козгогондон кийин баарынан кечирим сурап, айла жок айтууга туура келип жатат. 7­8­класстагы кызды чоң киши менен сүйлөштүргөн ким? Өзүнүн номери менен ар кимге чалып «сен сүйлөшүп койчу» деген ким? «Экинчи энесимин» дейт, анда чоң кишилер менен сүйлөштүрбөй тыйып койбойт беле? Москвага барганда Анжеликаны Мухтардын бөлмөсүнө киргизип, өзү башка бөлмөгө жайгашыптыр. Ошол кишинин ыйманын айт, жанына жаш кызды таштап кетсе да тийбегенине. Кандай максатта чоңдорго салып берип жатканы бештен белгилүү. Анжеликанын жаштыгын пайдаланып акча табайын деген. Анжелика жол кырсыгына кабылганда Айчүрөк телефон чалып «Ассоль эжең келди, шашып жатыптыр. Эшикке өзүң эле чыксаң» дегенинен кызым «чыгып келейинчи» деп кеткен. Ошондо Урмат биздикине конокко келген. Бир убакта мага бейтааныш номерден бирөө чалып «Ушу кантип болсун?! Айчүрөк эже кара унаа менен келип, сыртта турат. Анжелика унаанын ичинде бир киши менен отурат» деди. Урмат эшикке чыгып өңү кубарып келди. Айчүрөккө чалсам албайт. Айлам кетип күйөөсү Таалайга чалдым, албай койду. Ошол күндөн баштап кызымды Айчүрөккө жолотпойм деп сөз бергем. Айчүрөктүн ой­ максаты кир экенин билгенде кызыбыздан айрылып калабызбы деп корктум. Ошон үчүн кызымды 18ге чыга элегинде турмушка узаттым.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу