Анжеликанын гитараны кучактап, жылаңач түшкөн чуулгандуу сүрөтү пайда болду

Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын ортосундагы салкын мамилесин  «маркум Мухтар Өмүракунов менен Анжеликанын ортосунда сүйүү мамилеси болгон»- деген  маалымат, сурөттөрү менен кошо интернет булактарына желдей тараганда, биротоло бузду көрүнөт.

«Сен эр болсоң мен шермин«- деп  эки айым бири-биринин мындайча айтканда секреттерин чукушуп, элдин алдында бир топ эле уят болушкан.

Ошол маалда ар ким өз чындыгын айтып жатып, Айчүрөк айым: «10 мүнөткө эшикке чыгып кетсем энеден туума жылаңач болуп, сүрөткө түшүп атыптырсың. Ошол жерден кийимдериңди үстүңө жаап, кыйкырып, ыйлаганга чейин баргам»,— деп элдин оюн онго бөлдү эле.

Анда Анжелика 13-июлда super.kg порталына берген маегинде: «Сүрөттү Динара Макешова аттуу фотограф тарткан. Ал мени тартып бүткөнгө чейин Айчүрөк эже эч жакка чыкпай эле, жанымда отурган. Тартуу иштери бүткөн соң фотосессия кымбат турарын жана ал мага Айчүрөк эже менен Мухтар байкенин атынан белек экенин айтышкан. Анан да ал сүрөттө мен жылаңач эмес, фотографтын сунушу менен үстүмө материал жаап, колума гитара кармап тургам. Анда моюнум эле көрүнбөсө, денем таптакыр көрүнбөйт. Эгер ал сүрөт коомго жарыяланса, мен эч уялбайм. Аны искусство катары кабыл алам.»деген жообун берди эле.

Эми сурөттү көрдүк, биринчи оюма келгени Анжелика устүнө материал жаап, моюуну көрүнгөн сүрөт башка окшойт. Же эжекебиз башка фотосессия  менен алмаштырып алдыбы ким билет.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу