Анель: «1000$ айлыгы бар жумушка чакырса эч ойлонбостон сойкулук кесипти таштайм…»

21 жаштагы Анель өзүнүн жашоосун биздин NazarNews.kg@gmail.com электрондук дарегибизге окурманыбыздан төмөнкү кат келип түшкөн.

— Атым Анель. Учурда 21 жаштамын. Буга чейин турмушка чыгып ажырашып кеткенмин. Ал никемден 1 балам бар. Ажырашкан соң мен үчүн жашоодогу чоң соккулардын бирине кабылдым. Балам кичине болгондуктан эч бир жумушка орношо албай айлам кетти.

Мени менен бир үйдө жашаган кошуна эжем бир күнү балаңды мен алып калайын сага бир жумуш бар деп калды. Өзүнүн жүрүм туруму ага чейин эле мага анчейин жакпай жүргөн эжем мага эмне жумуш сунуштап жатканын дароо түшүндүм. Эмне жумуш экенине кызыгып сурап калганымда ал сен эркектерге кымбат клуб, ресторандарга барып кызмат көрсөтөсүң деп калды. Мен ичимден канчалык апкаарып, сүрдөп, коркуп кетсем да ага сыр бербестен мен бул жолду тандаганга макулдугумду бердим.

Айылдагы ата-энеме мен жумуш таптым мага сар-санаа болбогула деп кошуна эжемдин берген дарегине бардым да сойкулук ишти баштадым. Жакшы акча топтоло баштаганда баламды да апамдарга айылга берип жибердим. Аларга улам акча салып турам.

Менин жыргал жашоом башталды. Мен башка сойкулардай болуп көрүнгөн жерге барбайм. Кымбат ресторандар, түнкү клубтар жана чет элдик кардарлар. Бирок бул нерсенин баары мени акыркы убактарда жадатты.

Себеп дегенде курбуларым турмушка чыгып балалуу болуп, аларды ак эмгектери менен багат. Мен болсо баламды келечекте элдин уулу болсо деп тилек кылганым менен, көрүнгөн эркектин алдында калып арам жол менен тапкан акчага багам.

Ата-энем байкуш кызы кандай жолго түшүп кеткенин билбейт. Аларга мен жакшы жумуш таап турфирмада менеджер болуп иштейм деп койгом.

Эми жакшы жигитке турмушка чыгам деген илгери үмүт менен жашап келем. Эгерде мени 1000$ айлыгы бар жумушка чакырса эч ойлонбостон сойкулук кесипти таштайт элем.

Канткенде жашоомдун жаңы барагын ача алам мага кеңеш бериңиздерчи…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу