Анджелина Джоли жетинчи ирет эне болобу?

Анджелина Джоли жетинчи баланы багып алууну ниет кылууда. Ал бала асыроо адистери менен кеңешип жаткан учуру. Star агенттигинин журналисттерге берген маалыматында Джоли сириялык баланы багып алууну көздөп жатыптыр. Тагыраак айтканда Сириядагы жаңжалда ата-энеси каза болгон баланы асырап алмакчы.

Анджелина бала асыроо келишимин качан Бред Пит менен толук ажырашканда түзмөкчү. Эми Джолинин нике күбөлүгүн ажыратууну эртелетүүгө түздөн-түз себеби пайда болду.

Көпчүлүк элдин айтуусунда 2016-жылдан бери Бред менен никени ажыратуу маселесин Джоли артка жылдыртып келген. Анткени алардын биологиялык жана асырап алган балдарынын бардыгы Джоли менен жашачу. Бирок, Пит балдар маселесинде бирдей укукта болууну каалаган. Качан гана Пит Анджелина балдарды көрсөтпөй жаткандыгы боюнча сотко кайрылганда, сот Бреддин тарабына өткөн. Сот Джолинин жүрүм-турумун оңдоого буйрук берген. Эгерде сен биз айтканды жасабасаң, сенден алты баланы тең алып коёбуз, деп эскерткен. Буга карай Питке балдарга жолугу графиги түзүлгөн. Алардын кийинки соту ушул айда болмокчу.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу