Ангина эмнеден улам пайда болот?

Ооз көңдөйүнүн алкым бездери (миндалиналар) бактерия жана микробдордон коргоочу мыкты орган болуп саналат. А бирок айрым учурда ал бездер ар кандай вирустарды коргой албай, ангина оорусун пайда кылат. Бул көрүнүш тамактын кызарып, шишип кетүүсүнө себеп болот.

Ангина эмнеден улам шишийт?

Адистер тамеки көп колдонгон адамдар ангина оорусуна бат кабыла тургандыгын эскертет. Ага суук, жыныстык оорулар, грипп, синузит оорулары себеп болот.

Оорунун белгилери

-Дененин табы 40 градуска чейин көтөрүлөт

-Жутканга кыйынчылык жаралат

-Титирөө жана үшүү

-Кулак оорусу

-Алсыздануу

-Ооздо жагымсыз жыттын пайда болуусу

-Баш оору пайда болот

Ангинага кабылганда эмне кылыш керек?

Адистер эң алгач эле кулак-мурун оору адисине кайрылууну сунуш кылат. Көпчүлүк учурда врачтар антибиотик дарылар менен дарылоону сунуш кылат. Ангинаны операция жолу менен алып салууну сунуш кылат. Операция 1, 1,5 саат аралыгында жасалып бүтөт.

Ангинанын шишүү этабы кандай болот?

-Алгачка этаптарда жутунуу кыйын болуп, катуу тамак-аштарды жегенден алыс болуңуз.

-Алсыздана баштаганыңызды, күчтүү минералдарга бай азыктарды колдонуңуз.

-Тамагыңыз кургай баштагаса, көп-көп жылуу суу ичиңиз.

-Дагы да тамак кургабаш үчүн, бөлмөңүздү жууп тазалап, нымдандырып туруңуз.

Ангинага эңалгачкылардан болуп-лимон, ысык сүт, куркума жана имдирь жардамга келет. Ачуу жана таттуу жегенден алыс болуңуз!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу