АНВАР АРТЫКОВ ТИЗЕЛЕП КЕЧИРИМ СУРООГО ДАЯР

Депутат Анвар Артыков менен Юстиция министри Уран Ахметов ЖКнын жыйынында кайым айтышып кетишти.

Депутат менен министр паспортту жана ПИН кодду алмаштырууга ким укуктуу экени тууралуу талашышты. Уран Ахметов соттор ПИНди өзгөртүүгө укугу жок экенин айтты.

“Мамлекеттик каттоо кызматы ПИНди соттун чечими менен алмаштырса болорун айтып жатат, юстиция министри болсо соттордо мындай мүмкүнчүлүк жоктугун билдирди. Мыйзамды экинчи окууга кайра жөнөтүш керек. Билимсиздер менен талкуулагандан эмне? Билимдүү адистерди чакырыш керек”,-деди Артыков.

Министр өз кезегинде анын дарегине билимсиз деген сөздөрдү айтууга депутаттын укугу жок экенин билдирди.

“Ахметовдун сөзү боюнча комиссия түзөлү. Эгерде ошончо билимдүү экениңизди далилдегиңиз келсе стенограмманы  караңыз. Эгерде мен туура эмес кылган болсом тизелеп кечирим суроого даярмын”,-деди Артыков.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу