Анара Мамбеталиева Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди

Экокологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Анара Мамбеталиева  бүгүн кызмат ордуна чыкты. Бул тууралуу Анара Мамбеталиева фейсбуук баракчасына өзү жазды.

Маалыматта ылайык, Мамэкотехинпециянын өкүлү Президент Сооронбой Жээнбековго ыраазычылыгын айтып, иштерине ийгиликтерди каалаган.

“Терең ыраазычылык!
Урматтуу Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович! Мен Сизден акыйкат издеп чоң ишенич менен кайрылып жатканда, ушул күндү кыялдандым эле! Сиздин берген тапшырмаңыздын негизинде бүгүн мен издеген акыйкат ачыкталып отурат. Менин кайрылуумдун арты менен, мени менен кошо мекендештерим толгонуп, чындыкты,акыйкатты кошо күтүп жатышты. 15-август күнү көзгө сайса көрүнгүс карангылыктан жылчык шоола издегендей болдум эле. Бүгүн мен ошол жылчыктан күндүн жаркыраган шооласын көрө алдым. Мен үчүн, бул окуя бүткүл өмүрүмө чейин айтып жүрчү аңгеме сыяктуу болду окшойт. Буюрса мындан аркы ишмердүүлүгүмдү таза жана ачык улантмакчымын. Ал эми кокус кимдир бирөолөр тарабынан мыйзам бузуулар болуп калса, өзүмдүн колумдан келишинче күрөшүп, Мамлекетке өз салымымды кошууга даярмын! Мен көтөргөн маселе аягына чыгат деп сизге терең ишенем! Бар болуңуз Урматтуу Президент, элдин ишеничин арттырып, ак кызматыңызды уланта бериңиз, ден-соолугуңуз бекем болуп, элибиздин батасына арзып, үй-бүлөөңүз менен бакубат өмүр сүрүңүз!
Урматтоо менен, Мамбеталиева Анара Хамзаевна!”-деп билдирүү калтырган. 

Эске салсак, августь айында  Анара Мамбеталиева аталган мекемедеги жемкорлуктарды ачык айтып, Президент Сооронбай Жээнбековго жана калың-журтка кайрылган.

Президент анын кайрылуусунан кийин тиешелүү кызматтарга бул ишти жөнгө салуу үчүн тапшырма берген. Коопсуздук кеңеши Экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мыйзамсыз түрдө иштен алынганын аныктаган. Ал эми Башкы прокуратура Мамбеталиеванын кызматынан бошотуу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Булак: Govori.tv

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу