АНАНЬЕВОДО ГАЗ СТАНЦИЯСЫНАН ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН ДАГЫ БИРИ КӨЗ ЖУМДУ

Саламаттыкты сактоо министрлигинен массалык маалымат каражаттарына билдиришкендей, Ананьеводо газ станциясынан жабыркагандардын дагы бири көз жумду.  Маалым болгондой,  станциянын 59 жаштагы ээси Виктор Борисенко көз жумду.

Ал эми Бишкектин травматология жана ортопедия борборунда дагы 5 жабыркаган калууда. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланат.

Эске салсак,  19-июнда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында газ толтуруучу станцияда газ баллондор жарылып, өрт чыккан. Анын кесепетинен 2 киши каза болуп, 8 киши жарат алган. Каза болгондор атасы жана уулу болгон.

Ошондой эле дагы бирөө кийин ооруканадан көз  жумган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу