Америкалык окумуштуулар инсульттун алдын алуунун эң жөнөкөй жолун аныкташты

Америкалык окумуштуулар тооктун жумурткасы адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан мээге кан куюлуунун алдын алаарын аныкташты. Бул изилдөө тууралуу Медик форум маалымат порталы жарыялады.
Маалыматка караганда, күнүнө жок дегенде бир жумуртка жеген адам инсульт оорусунан коргонуп, анын алдын алууну 12%га жогорулатат. Мындай тыянакты Мичиган университетинин илимий кызматкерлери бир нече изилдөөнүн жыйынтыгын талдап чыгарды. Ал изилдөөлөргө катышкан адамдарга жумуртка берилип жана алардын абалы көзөмөлдөнгөн.
Окумуштуулардын айтымында, жумуртканын курамында кычкылдандырууну жөнгө салган заттардын комплекси бар болгондугу үчүн ал абдан пайдалуу. Ушул заттар кычкылдануунун интенсивдүүлүгүн төмөндөтөт. Клеткалардагы кычкылтектин басымынын төмөндөшү адамдагы эң коркунучтуу ооруларды, анын ичинде жүрөк жана мээдеги кан айлануунун бузулушун токтотууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Медицина кызматкерлери жумуртканы колдонуу менен организм кан тамырларга жакшы таасирин тийгизген белок менен толук камсыздаларын кошумчалашты.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу