Амбициясы ашынып кеткен Өмүрбек Бабанов ѳзүн Кудайдан жогору сезип алдыбы?

Демейде ар бир сөзүн таптап, кимден үйрөнгөнү белгисиз, бир сөзүн үч кайрып айтчу Өмүрбек Бабанов оозунан жаңылды. Ал БШКдан президентикке расмий талапкер катары каттоодон өткөндөн кийин, адатынча дүңкүлдөтө журналисттерге маалымат берди.

Анан журналисттердин  бири: “Эгер шайлоодо бир аз айырма менен утулуп калсаңыз эмне кыласыз? Митинг, нааразычылык акцияларын уюштурасызбы?”, — деп сурай калбайбы. Ѳрөпкүп араң турган Өмүкең аны укканда от алып кетип: «Быйыл 15-октябрда, кечки саат 8де Кыргызстан жаңы президенттүү болот, ал адамдын фамилиясы — «Ѳмүрбек Бабанов!», — деп так кесе жооп бербеспи. Анысы бүт маалымат каражаттарына тарап кетти.

Амбициясы ашынып кеткен Бабанов адатта мындайда айта жүрчү «Кудай буюрса» дегенди да унутуп калды. Баарыбыз эле президенттик кызмат эмес, жөнөкөй эле иш кылаарда «Кудай буюрса» деп ичибизден «тообо» келтирип алып, анан максатыбызга кадам шилтейт эмеспизби. Токтогул аксакалдын уулу Ѳмүрбек анткен жок. Тим эле президенттик кызматты чөнтөгүнө салып алгансып, кызарбай туруп «Кыргызстан Бабанов аттуу жаңы президенттүү болот» деп жатпайбы.

Минтип ооз-кесир сүйлөгөндүн аягы жакшы болбосун көзүбүз менен көрүп жатпайбызбы. Эсибизде, парламент жыйынында премьер-министр өкмөттүн кайсы бир иши тууралуу «Кудай буюрса аткарылат» деп сүйлөдү эле, ээ жаа бербей, ээн сүйлөгөнгө көнгөн кадимки Өмүрбек Текебаев «силер Кудай, Кудай деп эле отурасыңар, силер үчүн Кудай иштеп береби?» деп акчыланган. Кудай бат эле теңдеп коет экен, аягы бул болду.

Ошон үчүн кыргыз «Кудай» деген кур калбайт» деп сүйлөйт. Кудай болуп кеткенсип «Кыргызстандын президенти Бабанов болот» деп тургандыктын өзү да кесирлик го. Бул жоругуна караганда Өмүкеңе «Кудай деле буйрубай» калды окшойт. Ээн ооздук жаратканга деле жакпайт эмеспи…

Т.Капашов, Бишкек

Аргумент.kg
Жооп калтыруу