Амангелди Муралиев, Экс-премьер-министр: “Кумтөр жакында жабыла турган кен болуп турат”

— Амангелди агай, экономика жагын жакшы билесиз. “Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун” курулушуна башында каралган сумма кийин бир нече эсе өсүп кеткени айтылып жатат. Дегеле, ал жол экономикабызга канчалык пайда алып келет?

— Экономикалык жагынан альтернативдик жол бизге керек. Бирок, азыркы убакта аны куруунун зарылчылыгы жок болчу деп ойлойм. Эмнеге дегенде, Тогуз-Торо сыяктуу Жалал-Абадды көздөй кеткен айрым аймактарда өндүрүш деле жок, айыл чарбасы, соода тармагы деле күч албаган. Кен байлыктарды, эл ресурстарын пайдаланганга, өндүрүштү өнүктүргөнгө жол байланышы керек. “Жол кыскарат” деген аргументтерди келтиришти. Ал туризмге байлыныштуу. Туризм биздин маселени чечпейт. Ошондуктан, долбоорду терең талдаш керек эле. Ал жолго кеткен ири каражат тышкы карыздарга жүк болуп жатат. Экономикабыз, бюджетибиздин тартыштыгы чоң деңгээлде. Менин сунушум, жакшы комиссия түзүп, жолдун баасын, чыгымдарын, аткарылган иштерди текшериш керек. Тышкы долбоорлор эл көзүнөн алыс. А чиновниктер тышкы карыздарды алып алып, бөлүштүрүп алган учурлар болуп келген нерсе.

— Кумтөр кенин жакынкы жылдары иш токтой тургандыгы айтылып жатат. Кыргыз экономикасынын негизги булагы делген Кумтөр жабылса, абалыбыз кандай болот?

— Кумтөр маселеси дайыма эле саясий спекуляцияга айланып келет. Жаңы күчтөр чыкса эле, “жагынабыз” деп ушул теманы чукуп башташат. Кумтөрдүн биздин экономикабызга салымы зор. ИДПнын 6-7 пайызын түзөт. Экология жагынан келишимдер боюнча төлөмдөрдү төлөп жаташат. Мен иштеп жүргөндө 300 миң доллардын тегерегинде төлөшчү, азыр андан көп экен. Ооба, чынын айтканда, Кумтөр жакында жабыла турган кен болуп турат. Мөөнөтү 2021-жылга чейин болсо керек. Бирок, запастар бар, иштетсе болот. Геологиялык иштерин ылдамдатыш керек. Кубаттуулугун күчөтпөсө, келерки жылда экономикабыз сызга отурат. Албетте, экологиялык салымдарды көбөйтүү керек. Анын формасын иштеп чыгыш керек. Эң башкысы, эч качан саясатка айландырбаш керек.

— Баягыда улутташтырылганда, азыркыдай абал жаралмак эмес беле?

— Улутташтырганда, кенди башкаруу жагынан маселе туулмак. “Бизде адистер жок” деп деле айтпайм. Бирок, дароо башкарып кете алмак эмеспиз. Маселе анда деле эмес. Келишимдин негизинде, юридикалык маселелер көп да. Улутташтырганда канадалыктар жөн кетип калышпайт, соттошот. Соттошуп жатып алсак, кен казуу иши токтотп калмак. Кумтөр биздин байлыгыбыз. Азыр толук “Центерранын” менчиги. Ушул жерде ката кеткен.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия Ньюс» 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу