Альтернативдүү жолдун курулушунда миллиондорду асканын астына көмүп салууга ашыккандар кимдер?

 

Азыр экс-президент Алмазбек Атамбаевге караштуу айрым ЖМКлар альтернативдүү Түндүк-түштүк автожолунун курулушун Кыргызстандын эски, жаңы тарыхында болуп көрбөгөндөй эрдик, Кыргызстанды толук электрлештиргендей жетишкендик катарында көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Чындыгында эле ошондойбу? Эгерде ал Чоң Чүй каналындай, 1938-1965-жылдары курулган Бишкек-Ош жолундай жалпы элдик ашар аркылуу курулуп жатса, ошентип айтсак болмок. Бирок, ал Кытайдан алган 850 млн. долларлык кредитке, жалаң Кытайдан алынган 700дөн ашык кымбат баалуу техникалар аркылуу, алардын адистеринин жетекчилигинде, жумушчуларынын катышуусунда курулуп жатпайбы. Мында айта кетчү нерсе, азыр эле жолду толук бүткөрүү үчүн 850 млн. доллардын жетпей тургандыгы байкалып калды, анын үстүнө алынган кредиттер үстөгү менен 1 млрд. доллардан ашык көлөмдө кайтарылып берилүүгө тийиш. Ал мөөнөт да жакындап калды.
Бишкек ТЭЦин модернизациялоону баштагандай эле “кылымдын долбоору” деп аталган альтернативдүү жолдун курулушун баштоодогу тездик, уюштуруу маселелерин чечүүдөгү мурда болуп көрбөгөндөй “оперативдүүлүк” таң калтырат. Изилдеп, тактоо иштери 2013-жылдын апрелинде башталып, ошол жылдын аягында эле аягына чыгарылып, 2014-жылы курулуш иштери башталган. Жолдун курулушуна миллиондогон тонналаган темир-бетон, бетон-асфальт аралашмалары, асфальт жумшалганы жатат. Элестүү айтканда, альтернативдүү жолго жумшалган темир-бетондун жалпы көлөмү 40 миллион кубометрди же Хеопс пирамидасынын көлөмүнө салышырганда 16 эсе көптү түзөт экен. Жалпы узундугу 5 чакырымдан ашык 2 туннель, узундугу 1400 метрден ашык, 50 метрлик бийиктикте 2 эстакадалык көпүрө курулат. Күтүлбөгөн чыгымдар, техникалардан жоготуулар азыр эле ондогон миллион долларлардан ашып баратыптыр.
Долбоорлордун авторлору анын зарылчылыгынын эң негизги аргументи катарында республиканын түндүгү менен түштүгүнүн 3/1 эсеге кыскаруусун, Кара-Кече көмүр, Макмал алтын кендерин өздөштүрүү жакшырарын айтышууда. Мында ойлондурарлык, реалдуу жагдайга ылайык келбей, суроолорду, шектенүүлөрдү пайда кылган бир нече жагдайлар бар.
Биринчиси, республиканын түштүгүнөн түндүгүнө келүүнү каалагандардын 95 пайызы Бишкекке, Чүйгө келүү үчүн чыгышат. Демек, алар Балыкчы аркылуу айланып, бул жакка келишпейт, андан эски жолду эле оң көрүшөт. Бишкек менен Чүйдөн түштүк тарапка бара тургандардын 95 пайызынын максаттары деле ошондой. Демек, альтернативдүү жолдо  жайкы сезондук учурда гана кыймылдар күчөшү мүмкүн, калган убактарда каттамдар көбөйбөйт, ички жолдордун маанисинде кала берет.
Экинчиден, Макмал алтын кенинде казгыдай эч нерсе калбагандыгын, жакында жабыларын бала деле билет. Үчүнчүдөн, Кара-Кечедеги көмүр кени альтернативдүү жолсуз деле иштетилип жатат. Ал жердеги көмүр эч качан түштүккө ташылбайт, түштүктүн өзүнүн көмүр кендеринен өндүрүлгөндөр калориялуулугу, сапаты жагынан Кара-Кеченикинен бир нече эсе мыкты болуп саналат. Демек, бул үч аргументте жолдун курулушунун зарылдыгына ынандырарлык эч нерсе жок.
Айрым адистердин айтуусунда, Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруп, республиканын карызын 35 пайызга көбөйткөндүн ордуна Көк-Белден ары Майлуу-Сууга, андан ары Бүргөндүгө чыгып кеткен жолду заманбап абалга келтирип, Төө-Ашуунун  азыркы туннелинен 1 чакырымдай төмөндөн дагы бир туннель куруп, аны түз Суусамырдын жайыгына чыгарса, Чычкан капчыгайынын аягындагы Кыз-Бейит участкасынан туннель баштап, аны Ала-Белдин берки түбүнөн чыгарса, автожолдун 3 участкасындагы опурталдуу коркунучтар четтетилип, Бишкек-Ош каттамы 100 чакырымдай кыскармак, Маданият-Бүргөндү-Таш-Көмүр-Кара-Көл багытындагы автокыймылдар он эсеге жакын азайып, дагы бир коркунуч кыйла жеңилдетилмек экен. Алардын баарын аткарууга ашып кетсе, 200 миллион доллардай каражат жумшалмак дешет. Бирок, эмне үчүн Кыргызстан үчүн 4 эседен ашык арзан түшө турган ал долбоор каралбастан шашылыш түрдө альтернативдүү автожолду курууга киришкен?
Шашылыш дегенибиз, убагында жалпы узундугу 120 чакырымдык Кербен-Таш-Көмүр жолун изилдеп, долбоорлоого 1 жылдай убакыт талап кылынса, мында узундугу 430 чакырымдык, анын 100 чакырымдайы мурда адам буту баспаган капчыгайлар, тоолор, зоолор аркылуу өткөн “Кылымдын жолунун” долбоору андан да аз убакытта бүткөрүлүп жатпайбы! Ошондон улам мында бирөөлөрдүн аябагандай зор коррупциялык кызыкчылыктары болгон эмеспи? Алар ондогон миллиондогон долларларды тезирээк аскалардын, шагылдардын арасына көөмп салууга ашыгышып, шашылышкан эмеспи? –деген мыйзам ченемдүү суроолор туулат.
Албетте, альтернативдүү автожол курулуп, бүткөрүлсө, элге, республикабыздын экономикасына чоң пайдасы тийет. Тургузулган, бүткөн нерселердин бардыгы пайдалуу. Бирок алар экономикалык, социалдык зарылчылыктарына, натыйжалуулуктарына жараша кезеги менен аткарылышы, бааланышы керек. Альтернативдүү жолдун курулушун Хеопс пирамидасына салыштырып жаткандардын ойлорунда кыргыз пирамидасын куруу деле болушу мүмкүн, мурдатан тургузулуп калса, ал деле ашыкча болмок эмес. Же алар Хеопско салыштыруу аркылуу, ал престиж үчүн эле курулгандыгын, чындыгында реалдуу пайдасы аз боло тургандыгын айткылары келип жатабы? Деги аны пайдаланып, оң абалда кармап туруу үчүн бир жылда канча каражат чыгымдалат болду экен? Экономикабыз ишенимдүү өнүгүү жолуна түшпөй, бюджеттегилер өп-чап айлык акыларга, пенсия, жөлөк пулдарга араң жетип, мамлекет сырткы карыздарын төлөөгө жыл сайын 300-350 миллион доллардан жумшап жатканда “кылымдын долбоору” деген шаң, бирөөлөрдүн андан шаңдуу кызыкчылыктары үчүн андай чоң карызды республиканын мойнуна илип салгандын кандай кажети бар эле? — деген суроо туулат.
Эртең ал жолдон да бир жаңжалдар чыкпас болду бекен? Ал деги 5-6 жыл элге ишенимдүү кызмат кыларына кепилдиктер барбы же Бишкек ТЭЦиндегидей болуп бир жылга жетпей “сюрприздери” башталабы?
Саммиттен, Дүйнөлүк 3-көчмөндөр оюндарынан кийин тийиштүү органдар бул суроолорго так жоопторду беришер.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу