Алып баруучу Урмат Борченов бойдокчулук менен коштошту…

Кече, 17-февралда коңур үнү менен таанылган теле жана радио алып баруучу Урмат Борченов сүйүктүүсүнө баш кошту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын досу, алып баруучу Улук Сапаров билдирди. Анын айтуусунда, жаштардын үйлөнүү тою Бишкектеги тойканалардын биринде өтүүдө. «Борченовдун сүйүктүүсү авиакомпаниялардын биринде стюрдесса болуп иштейт. Эки жаштын жакшылыгына ырчылар Курал Чокоев, Данияр Эрматов, тамашоучу Актан Рыскелдиев, Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу жана башка чыгармачылыктагы жакын достору келди. Алар келген коноктордун маанайын көтөрүп, той ыр, бий менен коштолуп жатат», — деди Сапаров. 21:02 17-02-2019 Автор: Наргиза Өмүрбек кызы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу