Алымжан Хасанов «Кыргыз темир жолу» ишканасынын гендиректорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасында Башкы директордун орун басары дайындалды. Бул тууралу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Хасанов Алымжан Хакиевич ишкананын Башкы директорунун Биринчи орун басары кызматына дайындалды.

Алымжан Хасанов буга чейин “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын коопсуздук боюнча Башкы ревизору – коопсуздук боюнча Башкармалыктын Башчысы кызматын аркалап келген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу