Алтынбек Сулайманов мыйзам долбоорунун мазмунун билбеген жетекчини уяткарды

“Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бүгүн, 24-майда ЖКнын жыйынында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын жетекчисине нааразычылыгын билдирди. Ал аталган кызматтын жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевге кайрылып: “Кызматка келгенден бери биринчи жолу Жогорку Кеңешке келип жатасыңар. Сыйыңар ушулбу? Төрагаңар кана? Бул силердин кызматтын негизги мыйзамы болуп жатат, өзү келбейт беле. Бул эмне деген мамиле?”-деп суроо салды. 

Өз кезегинде Эмил Жамгырчиев Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын жетекчиси Бакир Таировдун иштери чыгып калгандыктан жыйынга келбегенин билдирди. Бирок ал эмне болгон зарыл иш экенин атаган жок. Алтынбек Сулайманов мыйзам долбоорунун максаты эмне экенин билбеген жана депутаттардын суроолоруна жарытылуу жооп бере албаган Эмил Жамгырчиевди сындады. “Сиз келип алып жооп бере албай жатасыз. Жада калса мыйзам долбоорунун максаты эмне экенин айта албай жатасыз”,-дед ал. Ошондой эле депутат Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы тууралуу мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салуу сунушун айтты. “Дастан Артисбекович даярданып келишсин, буларга болушуунун кереги жок. Жетекчисин көрөлү. Бул кызматты жоюп туруп Салык кызматынын карамагына киргизиш керек. Мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салуу сунушун добушка коюңуз”,- деди Алтынбек Сулайманов төрагага кайрылып. Натыйжада депутаттын бул сунушу колдоо таап, маселе күн тартибинен алынып салынды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу