Алтынбек Сулайманов Манас Арабаевди сындап оозун жыя электе, ал кызматтан алынды

Бүгүн, 15-майда “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышы учурунда Жогорку соттун дарегине бир топ сын айтты.
Эл өкүлү карапайым калк сотторго ишенбей калганын баса белгилеп, соттор жогорку жактын буйруктарын аткарып жатканын билдирди.
“Соттор чечим кабыл аларда эмнеге Ак үйдүн 7-кабатын карашат? Манас Арабаев деген ким? Ал сотторго буйрук берип, эртеден-кечке телефон чалып отурат экен. Ушул маселе боюнча кандай пикирдесиз?”-деген суроо салды депутат Жогорку Соттун төрайымына.
Өз кезегинде Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Манас Арабаевден ага буйрук келбегенин билдирип, соттор бул боюнча даттанбаганын да кошумчалады.
Алтынбек Сулайманов болсо, соттор жумушунан ажырап калам деп корккондуктан Арабев тууралуу эч кандай маалыматтарды айтпастыгын билдирди.
“Демек сиз тараптан тиешелүу чара көрүлөрүнө ишенишкен эмес. Жумушунан айрылып калышарын билген. Ошондуктан кайрылышкан эмес”,-деди депутат.
Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов соттордун көз каранды болуп жатканына нааразычылыгын билдирип, оозун жыя электе Манас Арабаев кызматтан бошотулганы тууралуу жарлык чыкканын комитеттин төрагасы Канат Керезбеков билдирди.
Белгилей кетсек, Президенттик аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев эл оозунда “соттордун Ак үйдөгү куратору” аталып, соттордун чечими дал ушул адамдан көз каранды экени ММКларда далай жолу жазылып келген болчу.
Ал бүгүн, 15-майда саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондуктан ээлеген кызматынан бошотулду.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу