Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: Шадиевдин мандатын алганга убакыт жете элек. Жапаров, Пирматов таза…

—Шадиев Кыргызстандан 27-апрелде  качып кетти эле.  Мыйзам боюнча депутат 30 күн ишти эч себепсиз калтырса, мандаты алынышы керек. Шадиевдин мандатын эмнеге алдырбай жатасыздар? Бул маселеде эмне кызыкчылык бар?

—Шадиевдин мандатын алганга азырынча мыйзам жол бербей жатат. Себеби, мыйзамда депутат эч себепсиз 30 күн ишке келбесе, мандаты алынат деген бир сессия ичинде деп каралып калган да. Ошондо сентябрь айынан тарта июндун аягына чейин бир сессия болуп эсептелет. Ортодогу каникул эсепке кирбейт. Эгер ортодогу каникул жумуш күндөрү болуп калбаганда эмдигиче мандаты алынмак. Бирок жакын арада мандаты алынат.

—Шадиевди атайын качырышты деген сөздөргө кошуласызбы?

—Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин биз да билбей калдык. Ал да бизге бул маселе боюнча акылдашкан жок. ЖМКлардан эле окуп калдык. Кеткен боюнча бизге кабарын билдирген жок.

Партиялашыӊыз, кесиптешиӊиз Акылбек Жапаровго 200 миллион сом каражат боюнча козголгон кылмыш иши да ордунан жылбай турат. Жапаров болсо элге акыл үйрөтүп, бакылдап жүрөт. Коомчулук болсо бул кишини катуу эле сынга алып келет. Бул жерде кандай кызыкчылык болушу мүмкүн?

—Бул маселеде эч кандай деле кызыкчылык жок. Жапаровго насыяга берилген акчанын мөөнөттөрү бар экен. Менин билишимче, Жапаров ал негизги сумманы  мөөнөттөн мурун, алдын-ала төлөп, карызын жаап койду.

—Жаап койгон күндө мыйзам алдында жоопко тартылыш керек болчу да. Кылмыш кыскарган жок. Тергөө жай болсо да жүрүп жатат дегендей…

—Менде Акылбек Жапаровго кандай негизде кылмыш иши козголгону боюнча толук маалымат жок экен. Акылбек Жапаровду чакырып сураган да киши жок. Болгону убагында: “Жапаровду камайт экен” – деген пиар жүрүп кетпедиби.

—Жапаровго бекеринен кылмыш иши козголгон жок да. Сиз насыяны төлөп койду деп жатасыз. Мыйзамды бузуп жатса, чыгымды кеч болсо да төлөп коюу ишин сиз туура деп эсептейсизби?

—Кечигип эмес, алдын-ала төлөдү окшойт. Убактысы жете элек.  Жаӊылбасам,  насыянын мөөнөтү 2025-жылга чейин экен. Өкмөт ошондой шарт койгон. Бул иш боюнча мыйзам болгон эмес.

—Демек, сиз Жапаровду сүттөн “ак” дейсизби? Ага козголгон кылмыш ойдон чыгарылганбы?

—Дал ушул иши боюнча Жапаровдо күнөө жок. Эми билесиӊер да мурунку замандарда кандай гана кылмыш иштери ар кандай кырдаалдарда  козголуп келбеди беле. Ошондой эле болуп калган.

—Дагы бир партиялашыӊыз депутат Пирматовго Башкы прокуратура 258 миллион каражатты жеп койду деп кылмыш ишин козгоп, аны жоопко тартууга келгенде өткөн чакырылыштагы депутаттар баарыӊар сактап калбадыӊар беле. Пирматов деле ошондон бери “таза” адам болуп жүрөт. Бул да акылга анчалык сыйбаган иштерден болуп калды да. Бул боюнча калыс пикириӊизди айта аласызбы?

 —Туура, Пирматовго кылмыш иши козголгон. Тергөө жүргөн. Искакка коррупция беренеси менен эмес, башка жеӊилирээк берене менен козголгон болчу. Соттон иши кыскарган. Сен айтып жаткан 258 миллион каражат боюнча текшерүү болгондо тастыкталган эмес. Билесиздер да, ал кезде биз “Ата Мекен” фракциясы менен аябай тирешип калган мезгил болчу. Пирматов Текебаев менен келишпестиктерге барып калган. Ошондо ал кездеги Башкы прокурор Аида Салянова Пирматовго кылмыш ишин козгогон.

—Жапаров сыяктуу эле Пирматов сүттөн “ак” болуп калат экен да..

—Ошондой болот.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

Булак: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу