Алтынай: «Күйөөмдү такыр өзүмө карата албай койдум…» Эмне кылсам? Кеңеш бериңиздерчи….

Саламатсыздарбы, менин суроомо жооп берип коюңузчу. Турмушка чыкканыма 3 ай болду. Боюмда бар. Бирок, күйөөм экөөбүз эч эле бири-бирибизди жакшы көрө албай койдук. Шашып баш кошуп алганбыз. Мен аракет жасап жатам, ал болсо башка аялдар менен мамиле курат. Телефонун мага карматпайт. Мүнөзү корс. Кеңеш берип коюңузчу. Ойлоно берип ооруп кала турган болдум.

Аны менен дос кызым тааныштырган. «Жакшы көрөм» деп эркелетпейт. Кээде урушуп, сөгүнүп калат, сөз кайтарбайм. Кечке телефон чукуп олтурса, ага болгон жылуу сезимимди кантип айтам?! Бекинип бирөөлөр менен жазышат. Ажырашкан, 3 балалуу аял менен мамилеси бар. Ким экендигин сурасам «ха, ха кылып, дос катары сүйлөшөм» дейт. «Жакшы көрөсүңбү» десем, «жок, көптөн берки таанышым, сени менен таанышам деди» деп койду. Күнү-түнү компьютер ойнойт, кээде ишке барбай коёт. Мага такыр көңүл бурбайт. Эмне кылам?

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу