Алтынай Жайнакова: Көчөдө көбү мени таанып “шиш така” деп тамашалап калышат.

Эки жыл мурун өзүн ырчы, алпаруучумун деген Алтынай Жайнакова аттуу бийкечтин патрулдук милиция кызматкерлери менен чуулгандуу видеосу тараган. Анда унаасынан түшпөй койгон ырчыны колдон-буттан алып өздөрүнүн унаасына отургузуп жатканда, булкунуп бошонууга аракет кылган Алтынай МАИчилердин бирөөсүнүн кашын такасы менен жара тээп салганын көрүүгө болот.

Алтынай Жайнакова ырчы: 

— Ал чуулгандуу видео жарыкка чыккан жылдары мен жаңы талпынып чыгып келе жаткан ырчы элем. Негизи чыгармачыл адамдын карьерасында кара пиардын болгонун туура эле көрүнүш деп эсептейм. Мен ушул окуянын артынан белгилүү болгонумду танбайм. Бирок азыр ал видео интернеттен өчүрүлгөн. Мен табиятымдан күчтүү, эрктүү кыз болгондугумдан, андай окуялар менен мени эч ким сындыра алган жок. Айрымдар ойлогондой мен стресс, депрессия болуп чөгүп кеткен жокмун. Тескерисинче, курчудум, жогоруда айтканымдай, популярдуулукка жеттим. Азыр көчөдө көбү мени таанып кол тамга сурашып, ошол окуяны айтып “шиш така” деп тамашалап калышат.

Булак: «Леди кж»

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу