Алма-Атада кыргыз быштактары жок кылынды

Казакстандын Алма-Ата шаарында «Шарапат» коомунун кампасында сакталып турган үч кыргыз ишканасынын сүт азыктары сатуудан алынып, жок кылынды. Мындай чечим Алма-Ата шаарында жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынганын ca-news.org сайты жазды.

Атап айтканда, кыргызстандык Bergader соода маркасынын чечил быштагы, Bykoff соода маркасынын сулугуни быштагы жана «Ала-Тоо-сүт» жабык акционердик коомунун эчки сүтүнөн даярдалган быштагы жок кылынган. Ал продукциялардын жалпы салмагы 127,8 кг салмакты түзгөн.

Informburo билдирген боюнча, продукцияны жок кылууга сүт азыктарынын ветеринардык-санитардык талаптарга туура келбегени себеп болгон. Себеби, сүт азыктарында алардын коопсуздугу тууралуу ветеринардык документтери жок болгон, маркировкасында даярдалган убактысы жана сактоо мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле, кыргызстандык сүт өндүрүүчү үч ишкана, Казакстанга продукция киргизүүгө уруксаат берилген ишканалар тизмесинде жок болуп чыккан.

Эске сала кетсек, 24-октябрда Казакстан Кыргызстандан барган 400 тонна жер-жемишти артка кайтарган. 10-октябрдан бери Казакстан кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү күчөткөн. Ошол мезгилден тарта сүт азыктарын чыгаруучу беш кыргыз ишканасынын продукциясын Казакстанга киргизүүгө тыюу салынган.

Кошумчалай кетсек, ушул жумада Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ветеринардык текшерүү жана көзөмөл комитетинин аймактык инспекциясы, айыл чарба адистери жана Алма-Ата шаардык акимиатынын ветеринарлары менен ички соода тармактарындагы ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы боюнча текшерүү көзөмөл иш-чарасын жүргүзгөн.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу