Алманын чачка кандай пайдасы бар?

Алма уксусу адамдын организмине абдан пайдалуу. Аны тамак-ашта гана колдонбостон, башка жаатта дагы колдонгонго болот. Мисалга, бүгүн биз анын чачка тийгизген жагымдуу таасири катары сөз кылабыз.

-Алма уксусунун чачка пайдасы

-Чачтын түбүн көрктөндүрөт

-Чачты сонун кылып жалтыратып коёт

-Чачтын ылдам өсүүсүн камсыз кылат

-Кычышууну басат

-Майланышкандын алдын алат

-Чачтын сынышынын дагы алдын алат

Ал үчүн сиз башыңызды жууп болгон соң, бир литр сууга бир аш кашык алма уксусун кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы башыңызды жууп болгон соң, артынан чайкайсыз. Эгерде чачыңыз уксус жыттанбасын десеңиз анда, ага эфир майынан эки-үч тамчы кошуп койсоңуз болот.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу