Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты: «КСДП Атамбаевсиз» деген ураан ишке ашат»

Жогорку кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов менен КСДПнын алкагында ой бөлүштүк.

 -Алманбет мырза, Кожобек Рыспаевдин КСДПдан чыгарылышы саясый кризистен кабар бербейби? Эми ал фракциядан дагы чыгарылабы?

-Негизи КСДП фракциясы Рыспаевди катарынан чыгара албайт. Чыгара турган азырынча  негиз жок. Бирок, фракция менен партиянын ортосунданы карама каршылыктар КСДПнын ичиндеги саясий кризисди  айгинелеп койду.

КСДП мындан ары толук кандуу Атамбаевдин колуна өтөбү же андан тартып алуу аракеттери күч алабы?

-КСДПнын ичиндеги кризис көпкө созулат. Чубактын кунудай болуп сот иштери менен уланат. Анткени, эки тарап тең бири-биринин чечимдерин легитимдүү эмес деп соттошконго чейин барат деп ойлойм. Атамбаевди партиядан чыгаруу майнап алып келбейт. Анткени ал партияны рейдерлик жол менен тартып алышты деп мамлекеттик ресурсту күнөөлөйт, соттошот. Ошентип чыр бүтпөйт.

КСДП Атамбаевсиз деген уран менен дегендер чыга баштады. Бул нерсе ишке ашчу ишпи?

-Албетте, ишке ашат. Бирок, Атамбаев жөн эле алдырып ийип отуруп калбайт. Соттошот, партияны күч менен рейдерлик кылып тартып алышты деп айгай салат.

“Вечерний Бишкекти” өзү кантип тартып алса, эми партиясы ошентип колдон чыгат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу