Алманбет Шыкмаматов: “Бул популисттик идея”

Жогорку Кеңеш депутаттарынын УКМКны президенттин көзөмөлүнөн алып чыгуу аракетинин артында эмне турат?

— Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?

— Андай болбойт, бул популисттик идея. Анда Жогорку Кеңеште дагы бирин-бири кайталаган саясий орган пайда болот. Майнап чыкпайт. Азыр УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган парламент жана тийиштүү комитет бар. Коомдук контролду күчтүү кылсак майнаптуу болмок. Ал үчүн УКМКнын иши журналисттерге, коомчулукка ачык болуш керек.

Резонанстуу иштер боюнча УКМК дайым журналисттерге маалымат берип туруусу зарыл. УКМКны президент өзү тикелейт көзөмөлдөйт. Ошондуктан УКМК эгер начар иштесе, анда ал жагдай түздөн-түз президенттин ишмердүүлүгүнө таасир берет. Эсиңерде болсо УКМК өз билемдигин кыла баштаганда Атамбаевдин коом арасында бедели түшүп кеткен. Анткени УКМКнын иши түздөн-түз президентке барып такалат.

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу