Алманбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Биз жакалашып, “бүтүргүлө” деп кубалашып жүрөлү”

– Алмамбет мырза, Дача-СУдагы каргашага туура эки жыл болду. Трагедиянын себепкери, жүктүн ээси эмнеге алиге дейре табылбай жатат?

– Туура, бүгүнкү күнгө чейин жүктүн ээси табыла элек. Ошол кездеги контрабандалык 80 тонна жүк кимдики экенин ушул убакка чейин депутаттык коммиссия да, укук коргоо органдары да табышкан жок. Жүктүн ээси табылмайынча, ар кандай божомолдор айтыла берет. Демек, мунун артында үлкөн адамдар турат. Башка бизнесмендердики болсо эбак ачылмак, ээси чыкмак. Бул жерде таасирдүү адамдар турган үчүн чыкпай жатат. Мен жакында укук коргоо органдарындагы адамдар менен жолугуп, сүйлөштүм. «Эмнеге ээсин таппай жатасыңар?» деп сурадым. Алар «ушунчалык баарын жымсалдап, тазалап кетишиптир, кыйын болуп жатат, бирок табабыз» дешти. Буюрса, эртели-кеч сөзсүз табылат.

– Бул маселе боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн. Алар жыйынтык чыгарышпай, тарашты. Депутаттарды ким басты деп ойлойсуз?

– Ал жерде негизги түпөйүл суроо бар. Туман учурунда учактар Алматыга же Ошко конушат. Ал күнү да туман болгон. Бирок, эмнеге дал Бишкекке конду? Демек, «контрабандалык жүк болгон» деген шек бар. Биз айтып жаткан шектер, жоромолдор кийин туура чыгып эле жатпайбы. Бул деле ошондой шектердин бири. Анүстүнө биз логикага таянып боолголоп жатабыз. Ал жерде кызылдай чоң акча болгон, ошол себептен учкучтар өмүрүн тобокелге салып, контрабандалык жүктү жеткиришкен.

– Жабыркаган элге берилген компенсация дагы нааразылыктарды жаратты…

– «Боинг» компаниясы 60 млн. доллар компенсация алган. Биздин өкмөт жабыр тарткандарга ооз басырык кылып, 600 миң доллар берип койду. Ага да ушуга чейин туура баа берилбей жатат. «Учагыбыз жабыркады» деп түрк компаниясы темир үчүн 60 млн. доллар алышса, а бизде темир эмес, кырчындай канча өмүрлөр кыйылды? Канчалар жетим-жесир калышты? Каржылык компенсацияны түрк компаниясынан биз өндүрүшүбүз керек эле да. Аны да талап кылган эч ким жок, бүгүнгө чейин жооп жок. Биз жакалап, талап кылып, «бүтүргүлө» деп кууп алышыбыз керек.

– «Суу кодекси» боюнча өзгөртүүлөргө «Ата Мекен» каршы турду эле. Мыйзамды жокко чыгарууга аракет кыласыздарбы?

– «Суу кодексине» өзгөртүү киргизилип, мыйзам кабыл алынган. Ага биз башынан каршы турганбыз. Тилекке каршы, көпчүлүк добуш менен өтүп кеткен. Биз жакында ал кодекстеги беренени жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, киргизебиз.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу