Алманбет Шыкмаматов: «Атамбаев туура эмес кылганын мойнуна алды. Бирок ачык айта алган жок»

Дээрлик март айынан бери үн катпай, «командасынын» калың катмары камала баштаганда да реакция кылбай бугуп жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев жуманын башында, тагыраагы 19-ноябрь күнү жүзүн көрсөтүп, жеке менчик «Апрель» телеканалына маек берди. Менчик каналы болгондон кийин каалагандай сүйлөсө болот эмеспи. Анын сыңарындай ал «каалагандай» сүйлөдү өзүнө жакпагандарга «жугунду» куюп, жарыктык киши көнгөн адаты менен бир топ адамга асылды. Эң башкысы президент Сооронбай Жээнбековго болгон таарынычын билдирип, кайсыл сөзүнөн болбосун күнөөнү президентке байлаганга болгон аракетин жасады. Кызыгы: «ТЭЦти оңдоо иштери Жээнбеков өкмөт башчы кезинде болгон. Бирок аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек» деди. Мындан сырткары Атамбаев: «Бүгүн ал менин эмес, Бакиевдин жолу менен бара жатат, мен муну ачык айта алам» деген күлкү келээрлик оюн ортого салды. Албетте, бул ириң аралашкан «кыйшык» сөздөр ички таарынычтан улам чыгып жатканы жалпы элге маалым. Анткени, ажо Сооронбай Шариповичти «кол бала» катары башкарам деген Атамбаевдин «кыйды» максаты ишке ашпай талкаланып, арам ою ара жолдо быт-чыты чыккан. Айтор, жеке таарынычын мамлекеттик масштабдагы көйгөйгө айландыргысы келген Атамбаев жөн жатпай, кезектеги ызы-чууну жаратканга аракеттене баштаганы байкалып калды. Бул боюнча пикирин билдиргендерди тыңдап көрдүк…

— Эгерде ачык эле Текебаевди ак жеринен каматып ийдим десе, анда кылмышты өзү мойнуна алып алмак да. Башкача айтканда сот эмес, прокурор эмес, өзү каматканын мойнуна алып алды да: «Каматпай эле койсом болмок экен»- деп… Көрдүңбү? Демек, өзү каматканын мойнуна алды жан өзү туура эмес кылганын мойнуна алды. Бирок, жанагы «ак жеринен» деген жерге ал батына алган жок, анткени анда бул баягы, репрессия катары болуп, ак жеринен каматкан киши кылмышкер да. Далайды көргөн саясатчы катары кылмышты моюнума алып албайын деп ошентип кутулду. Бирок, түшүнгөн кишиге сөздүн ток этээр жери — Текебаев ак жеринен отурат деди.

Булак: «Де-Факто»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу