Алманбет Шыкмаматовго карата райсоттун чечими жокко чыкты.

«Атамекен» фракциясынын лидери, парламент депутаты Алманбет Шыкмаматовдун иши кайрадан иликтөөгө жиберилди. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту чыгарды.

Чечимге ылайык, Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулунун Шыкмаматовго карата чыгарган чечими жокко чыкты.

Эске салсак, райондук сот Шыкмаматовду 5 млн.сом айыпка жыккан өкүм чыгарган.

БУЛАК: govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу