Алмамбет Шыкмаматов: «Кулаган Боингдин ээсине камсыздандыруучу компания 36 миллион доллар төлөгөн»

2017-жылдын 16-январында кулаган Боингдеги жүктүн кожоюнуна камсыздандыруучу компания 36 миллион доллар төлөп бергенин «Ата Мекендин» депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Депутат муну Кыргыз мамлекетинин транспорт жана жол министринин орун басарына шилтеме берүү менен айтты.

«Өткөндө транспорт министринин орун басары, комиссиянын (ред. учак кырсыгы боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия) мүчөсү болгон айым камсыздандыруу компаниясы ошол учакка ээлик кылган компанияга 36 миллион доллар төлөп берди деп расмий түрдө айткан. Алар которула турган акчанын экинчи бөлүгүн күтүп жатканын билдирди. Ошондо дагы 20-30 миллион доллар алат. Жалпы 70 миллионго чейин алганы жатат.

Ал эми ал компания Кыргыз тарапты жоошутуп, тил эмизип туруу үчүн 600 миӊ доллар берген. Анан өкмөткө «силер менен тынчтык келишимин түзөлү, бизге доомат койбогула» деп жатышат. Комиссия мүчөсү «биз акылдашып жатабыз, тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» деп расмий түрдө айтты. Биз айттык, бул элге болгон чыккынчылык болорун, эч качан тынчтык келишимине барбоо керектигин айтканбыз. Алар 36 миллион доллар алса, жок дегенде 10 миллион долларын алып элге бергиле дедик. Керек болсо алар менен соттошуп бурчка такаш керек. Алар ошол соттон корккону үчүн бизди алдап жатат», — деди Шыкмаматов.

Булак:super.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу