Алмамбет Шыкмаматов, депутат: Исаков, Сегизбаев Жолдубаева, Калиев, Кадыркулов, Новиков сыяктуулар уят кылышты

Парламент Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын баары тең «макул» деп добуш берди. Натыйжада, ал министр болду. Өкмөт курамындагы жаш министрлердин катарын толуктаган Айдарбеков тууралуу коомчулук жалаң мактоо кептерин айтып жатышат. Алардын арасында эл өкүлдөрү да бар.

– Алмамбет мырза, Айдарбеков тышкы иштер министрлигинин ишин кандай алып кетет деп ойлойсуз?

– Айдарбеков Кыргызстаңдын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болуп иштептир. ТИМге сунушталганга чейин Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп келиптир. Демек, тажрыйбасы жетишээрлик. Эмнеге аны биз министр кылсак болбосун? Албетте, баарыбыз тең ага «ишти алып кете алат» деп ишеним артып турабыз.

– «Кадр тандоодо жаштарга басым кылыш керек» дегенди колдойсузбу?

– Жаштарды министр, министрдин орун басары же дагы башка мамлекеттик кызматтарга жетекчи кылып алып келген бул биринчи учур эмес. Буга чейин деле болуп келген. Бирок, айрым жаштар кээде уят кылып коюп жатышат. Сапар Исаков жаш эмеспи? Кандай иштеди, кийин эмне болду, баары билет. Сегизбаев, Жолдубаева, Калиев, Кадыркулов, Новиков ж.б. бир топ жаштарды мурунку бийлик кызматтарга алып келди. Азыр көбү качып жүрөт же камакта.

– Кызматка келген жаштарга кандай кеңеш берер элеңиз?

– «Жылтыр-жултурга» кызыкпай, карьера жасап, аты, аброю, имиджи үчүн таза иштеш керек. Эл өзү баалап алат. Жаш, баштары иштейт, энергия бар, ишти билет, болгону мансапка чиренип кетпей, коррупциядан  алыс болушса, көпкө иштешет. Кана, баары таза иштеп беришсе, мыкты кадрдык реформа жүргүзмөкпүз. Жаштарга айтаар кеңешим ушу.

– Алмамбет мырза, Бабановго карата кылмыш иши токтотулду, ал мекенге кайтып келсе болобу?

– Бабанов келиш керек. Эгерде мен аны менен түз байланышым болсо, чалып эле «учакка билет ал да, түз Бишкекке учуп кел» демекмин. Эгер ал мыйзам алдында таза болсо, өзүнүн актыгын далилдеп, ишин улантышы керек. Эч кандай кыл-мыш иши жок болсо, кайра депутат болуп келсе болот.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу