Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатынан ажыратылабы?

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Бишкектеги Биринчи май райондук соту тарабынан жакында эле айыптуу деп табылып, 5 миллион сом айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Ага «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына караганда, Алмамбек Шыкмаматовдун адвокаттары жогорку инстанцияларга соттун чечиминин үстүнөн арызданууга аракет жасап жаткандыктан анын мандаты азырынча алынбайт. Эгер, кокус жогорку инстанция Биринчи май райондук сотунун чечимин туура деп тапса, анда депутат соттолуучу болуп эсептелинет.

Мындай учурда, соттолуучу эл өкүлү боло албайт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу