Алмамбет Шыкмаматов: «Биз мэрден коркпойбуз. Ага ачык кайрылабыз…»

“Бишкек мэриясы эмоцияга алдырып, саясатчы Өмүрбек Бабановдон коркконунан улам, анын тарапташтарынын митинг өткөрүүсүнө чектөө киргизди”-деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде. Анда Шыкшаматов:   «Митингдер мыйзамдарды кабыл алууда да таасирин берет. Митинг жол тосуу, же бирөөнүн укугун бузуу змес. Ал демократиянын бир рычагы. 23-апрелде «Ата Мекен» партиясы тынчтык ми-тингине чыгат. Мэрдин токтомун жокко чыгаруу боюнча тийиштүү тараптарга кайрылабыз. Мэрден коркпойбуз»,—дейт Шыкмаматов.   Эл өкүлүнүн айтымында, митинг өткөрүүгө тыюуу салуу — караңгылык. Митинг өткөрүүгө тыюу салынган коомдо жарылуу болот. Эл митинг аркылуу бийлик менен диалог курат.   Бийлик да, өкмөт да айрым маселелерди байкабай калышы мүмкүн. Коомчулук ал көйгөйлөрдү митинг аркылуу айтып турат.   Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 2020-жылга чейин баш калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салууну сунуштаган. БУЛАК: Факты.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу