Алмамбет Шыкмаматов: “Бабановдун Кыргызстанды алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айлантам дегенин утопия деп эсептейм”

1-июлда борбор калаада өткөн жыйында парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого ат салышарын расмий жарыялады. Жыйын жүрүшүндө ал адатынча тоодой убадаларды бергенге да үлгүрдө. Бирок, анын курулай убадаларына, асыресе, жакынкы аралыкта Кыргызстанды өнүгүп бараткан 10 өлкөнүн катарына кошом дегенине коомчулук ишенбей туру.+   Маселен, ошол эле жыйынга катышкан “Ата Мекен” фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттык” радиосу аркылуу мындай кургак сөзгө ишенбей турганын билдирди. Анын айтымында, кыска аралыкта мамлекетибизди өнүктүрүп жиберүү кыйын. “Парламенттик шайлоодо деле парасыз жолдор, жети пайыздык насыялар деп көп эле убадаларды берип келген. Ошол сыяктуу биздин элге ушундай жакшы, кооз убадалар майдай жагары көрүнүп турбайбы. Жанагыдай биз алты жылда өнүккөн 10 мамлекеттин катарына киребиз десе эл дуулдап колдоп жатат. Бирок мен саясатчы катары, реалист катары алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айланууну утопия деп эсептейм”, — дейт ал.

Булак: Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу