Алмамбет Шыкмаматов, “Ата-Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Өмүрбек Чиркешович толук кандуу актала турган учур да келет”

– Алмамбет Насырканович, экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү тууралуу суранычын Жогорку Кеңештин алты фракциясы да колдоду. Эми аны ырайым берүү боюнча комиссия карап, президент жарлык чыгарса, Текебаев кандай макамда бошойт? Акталабы, же соттолгон болуп калабы?

– Эгерде президент өзүнүн жарлыгы менен бошотсо, Өмүрбек Чиркешович эркиндикке чыгат. Бирок, анын толук кандуу реабилитациялоо сот аркылуу болушу керек. Ал боюнча экинчи этапты биздин юристтер иштейт. Эл аралык талаада, БУУнун алкагында да иштер жүрүп жатат. Толук кандуу реабилитацияланып, акталышына аз-маз убакыт керек. Ал мезгилдин гана маселеси. Буюрса, ӨмүрбекЧиркешович толук кандуу актала турган дагы учур келет.

– Демек, азыр азаттыкка чыккан күндө деле толук кандуу акталбайт турбайбы?

– Үйүнө эркиндикке гана чыгат. Бирок, толук кандуу акталбайт. Жогоруда айтылгандай, ал экинчи этап. Сот болот, БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясы да карайт.

– Эгер президент ырайым бербесечи?

– Эгер президент ырайым бербесе, мартта өзүнүн мөөнөтү жетет. Жатак абакка чыгат.

– Жазаларды өтөө кызматы кандайдыр бир шылтоолорду таап, чыгарбай коюшу мүмкүнбү? Мисалы, «биздин эсебибиз боюнча али бошонуу мөөнөтү жете элек» деп?

-Жок, анте алышпайт. Анткени, андай болсо уят болушат. Бул бийлик да Текебаевдин чыгарына кызыкдар эмес болуп, репрессия кылып, Атамбаевдин жолу уланып аткан болуп калат.

Маектешкен: Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу