Алмамбет Шыкмаматов, «Ата Мекен» фракциясынын лидери: “КСДПнын кайрылуусу бул — Атамбаевдин тегерегиндегилердин актануусу”

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн бийликке каршы чыкчудай кырдаал жок деп эсептейт. Депутаттын пикиринде, акыркы билдирүү таратуу менен Алмазбек Атамбаев өзүнө көңүл бурдуруп, актанууга аракет кылууда:

— Бул Атамбаевдин тегерегиндегилердин актануусу. Бүгүн Атамбаевдин элди артынан ээрчите турган деле алы жок. Ал өзү башкарып турган учурда бир топ кемчиликтери менен төңкөрүш болчудай абал түзгөн. Кадрдык башаламандыкты, коррупцияны апогейине жеткирип, эми «мен оппозиция катары сын айтам» дегени туура эмес. Бүгүн кандай кыйынчылык болсо, ал Атамбаев талкалап кеткен урандыны калыбына келтире албай кыйналып жатат. Ал эми бүгүн төңкөрүш болчудай эч шарт, абал жок.

Булак: «Азаттык»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу