АЛМАМБЕТ ШЫКМАМАТОВГО ӨЛКӨДӨН ЧЫГУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун баш коргоо чарасы аныкталды. УКМКнын маалыматына ылайык, эл өкүлүнө өлкө аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынды.

Шыкмаматовго карата 17-февралда “коррупция”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюна кылмыш иши козголгон.

2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алууда тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканын билдирген УКМК.

Шыкмаматов аялынын “Мерседес Бенц Е320” үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн “Барат Люкс” ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошуп, 10 миң долларлык унаа 14 637 долларга бааланганын жазат УКМК.

Алмамбет Шыкмаматов болсо бул айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу