Алмакан Бекова, айтымчы: «Акчаны Роза Отунбаева таап келет. Текебаев камактан чыгат. Аны сыйлаган адам аз болгону менен ал жеңет»

Айтканы төп келген, Курманбек Бакиевдин президент болорун, тактыдан кантип кетээрин, кан төгүү менен бийликти алыша турганын, ал тургай Өмүрбек Текебаевдин камалышын алдын ала айткан Алмакан Бекова менен маек куруп, алдыда кандай окуялар күтүп жатканына кызыктык. Алмакан Бековага кайрылып, жолумду тазалатам, дуба окутам дегендер 773–35–71–56 телефону менен кабарлашсаңыздар болот.

— Алмакан эже, бир жыл мурун Отунбаева, Текебаев, Атамбаевдин ортосунан чоң жарака кетет деп айткан элеңиз. Ошол нерселер төп келип жатат. Аягы эмне менен бүтөт?

— Өзүбүздө бийлик башына келген адамдар кыргыздын касиетин баалабайт экен. Жакында эле “Кыргыз касиет академиясы” дегенди Адилет министрлигинен өткөздүм. Бийликте жүргөндөр ушул тууралуу маалымат алса бийлик эле талаша бербей көздөрү ачылат беле деген максат болду. Ага чейин “Аруузат аял” деген коомдук бирикме ачып, жети облустан пенсионер лидер аялдарды чогултуп, “Аял жакшы эр жакшы” дегендей мүмкүн аялдар биз өзүбүздү-өзүбүз таап, туура жолго түшмөйүнчө коом оңолбойт окшойт, ошондуктан энелер өзүбүз биригели, колубуздан келген жакшы салымыбызды кошолу дегенбиз. Биринчи жолу Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ноокатта жолугушуулар болду. Үч жерде үч кой союшуп, жакшы тосуп алышты. Бийликке келгенде эле бийлик деп жанталашып калат экен. Бийликтин акыры эмне менен бүтөөрүнө булардын көзү жетпейт. Биздин мамлекетке кызыккан мамлекеттер бар. Мамлекеттин биримдигин, тилибизди, улутубузду, биздин кыргыз экенибизди жоготуп, башкарып калайын деп кызыккандар толтура. Ошолорго карапайым эл шарт түзүп берип жаткан жок. Бийликте тургандар шарт түзүп берип жатат. Текебаевди камаганда биринчи күнү митингге кызыкчылык үчүн бардым. Ошол жерде Аида Салянова, Каныбек Иманалиев жүрөт, Роза Отунбаева келди. Отунбаева, Бекназаров, Атамбаев, Сариев, Текебаевдер биригип Бакиевди кулатышкан. “Ак үйдүн алдында канчалаган кан төгүлдү, ошонун да бети ачылат, Бакиев акталат. Отунбаева, Текебаев, Атамбаев үчөөсүнүн ортосунан чоң жарака кетет. Бирин-бири чукулап, өздөрү эле ачып алат. Дүйнө эли бизди тамаша кылып карап турат. Бул жакшылыкка алып барбайт” деп айткам.

— Текебаевдин камала турганын качан айткансыз?

— Мындан он беш күн мурун Кубанычбек Жумалиевге жолугуп калып “Кубаныч, депутаттар көчөдө жакшы болгонуңар менен жыйындар залына киргенде бири-бириңи көргөндө атырылып турасыңар. Жыйындар залына ит менен мышыктын жүнүнөн жасап кара дубаны ошол жерге ташташкан. Аны өзүңөрдүн эле араңарда жүргөндөр таштаган. Ошон үчүн жыйын өтчү жерге киргенде ит менен мышыктай ырылдашасыңар”десем, “Алмакан, туура эле айтып жатасың. Менин колумдан келгени ушул” деп өзүнүн кабинетине чакырган. Мен, Абдылас, Жолдошбек деген үчөөбүз бардык. Жумалиевге ошол жерде Текебаевдин камалып калышын көрүп жатам десем, “Андай болушу мүмкүн эмес” деп менин сөзүмдү кесип койду.

— Текебаевди колдогон эл көчөгө чыгабы?

— Текебаевдин камалышы чоң чырдын башталышына шылтоо болду. Текебаевди коргоюн, колдоюн деген саналуу эле адам болбосо, көпчүлүк адамдардын жүрөгү бул адамдан муздап калган. Азыр “Кыйраган учактагы жүк Атамбаевдики экенин далилдеген кагазды алып келгени үчүн камалды” деген сөз айтылып жатат. Эгерде Атамбаевдин чын эле ал жүккө тийешеси жок болгон болсо, адамдар өлгөн күнү эле ошол жерге жүгүрүп жетип барыш керек эле. Муну дагы жокко чыгарып жатышат. Бийликтегилер баардыгын эле жокко чыгара берген болбойт. Текебаев деле, Атамбаев дагы таптаза эмес. Эртең бийликтен кеткенден кийин мунун баардыгы өзүнөн-өзү калкып чыгат. Анын жанында жүргөндөр биз дагы жооп берип калбайлы деп ойлоп жатышат. Мыйзам алдында жооп бербесе дагы Кудайдын алдында жооп берчү учур келет.

— Азыркы абалда эмнелерди көрүп жатасыз?

— Азыр карапайым элдин сыздап, боздогонун, кан төгүлгөнүн, ыйлагандарын көрүп жатам. Үчөөсүнө жасаган кара дуба менен карап олтурушат. Эл акча бербесе көчөгө чыкпайт деп жатышат. Тополоң чыгарганга акча да табылат. Биздин тынчтыкты бузуу үчүн демөөрчүлөр чыгат. Азыр акча менен баарын сатып алса болот.

— Эл көчөгө чыгат дегени турасызбы?

— Бүгүн, эртең чыкпайт. Азыр жарадай болуп шишип, жарылып кетчүдөй толуп жатат. Текебаев деп көчөгө чыккан эл жок. Самаковду ээрчиген, аны баалаган эл бар. Аны да камайбыз деп жатканына жиндери келип атат. Көп нерсе калыс болбой жатканы үчүн эл ичинде кайнап жатат.

— Ушундай абал жаралышы мүмкүн деп президенттин жакын адамдарына айта алдыңызбы?

— Президент Атамбаевдин өзүнө кайрылуу жаздым. Эч кандай жооп болгон жок. Бизде аянчылар көп. “Ата-Бейитте” сөөктөр көмүлбөй ачык калыптыр. Ошону жабыш керек экен. Арбактар дагы топуракты эңсешет тура.

— Мурунку көмүлгөндөрбү же кийинкилериби?

— Мурунку көмүлгөндөр. Ошол боюнча аян алгандар келишти. Арбактар дагы бирин-бири таразалайт экен да. Мурункулар кийинки баргандарды “Булар бийликти кан менен алып бергени үчүн биздин жаныбызга алып келип койду” деп нааразы болушат экен. Эки топ арбак бирикпесе, элдин биригиши кыйын болот. Эки топту бириктирүү үчүн биз түлөө өткөрөлү деп чечкенбиз. Түлөө өткөрөлү деп баардык жакка кайрылганбыз. Алар өздөрү үчүн акча сурап жатат деп ойлоду окшойт. Бирөө да жооп берген жок.

— Парламент өз мөөнөтү бүткүчө олтурабы?

— Депутаттар шайлоодо кетирген акчаларын кантип капчыктарына толтурууну эле ойлоп, элди ойлогон бирөө да жок. Бул парламент таркайт. Бул бийлик кан менен келдиби, кан менен кетет. Эл көчөгө чыгып, кандай көтөрүлгөнүн өзү билбей калат.

— Президенттин айланасында ушул абалды түшүнгөн жан жокпу?

— Андай адамды мен көрө алган жокмун.

— Өзү деле Кудай колдосо деп айтып жүрбөйбү?

— Булар ооздорунда Кудай дей берет экен. Өздөрүнүн максатына жетип алгандан кийин Кудайды унутуп калышат. Президенттин жанында жүргөндөр бири-биринен кызганышып эле, кызганычтын айынан жакшы иштер болбой жатат. Алардын максаты эптеп эле Атамбаевди кызматтан кетирбей кармап туруу. Чынын айтыш керек, Атамбаев өзү аябай чарчады, бүгүн эле кетип калайын деген ою да бар.

— Эмнеден чарчады?

— Бир жакшы иш жасайын десе айлана-чөйрөсүндөгүлөрү бут тосот. Чындык ага жетпейт. Мен кара дуба, тескери энергия деп жатам. Ошодон Атамбаевдин башы айланып жатат. Ошолордон тазалана албай жүрөт. Таза адамдарды жанына жолотушпайт. Ошон үчүн ишенген адамдарынын ортосунда чоң жарака кетти.

— Бир команда болуп келгендердин ортосундагы жарака эмнеден кетти?

— Буларды байлык менен бийлик бузду. Отунбаева өзү убада берген адамдарына жалганчы болду. Текебаев да убада берген адамдарына уят болду. Булардын ортосундагы келишпестик ошондон жаралды. Булар чогуу олтуруп бул маселени чечип алышса болот эле. Бирок, эки жактан келип жаткан тескери энергия ага жол бербеди.

— Президент өзү кетем деп айтып жатат. Чын эле бийликти таштап кетеби?

— Кетпейт. Өзү кетейин деген убакта дагы айланасындагылар кетирбейт.

— Текебаев камактан чыгабы же көпкө олтурабы? Окурмандарга, элибизге ушул кызык эмеспи…

— Текебаев 25 жылдан бери Кыргызстандын чоң саясатында жүрөт. Бул кечээ эле кошулуп калган адам эмес. Муну биздин эл колдоп-кубаттабаганы менен башка мамлекеттер аябай кубатташат. Роза Отунбаеваны да башка өлкөлөр баалашат. Акчаны Роза Отунбаева таап келет. Текебаев камактан чыгат. Аны сыйлаган адам аз болгону менен ал жеңет.

— Президент алмашкандан кийин чыгабы же жакын арадабы?

— Силер бул бийлик бирөөгө тапшырып кетет деп ойлоп жатасыңарбы? Ага чейин эле жок болушат. Текебаев элди чыгарбаса, дагы бирөө чыгара турчу чыгат. Биздики ушуну менен башталды. Бул токтоп калбайт. Токтош кыйын, токтото албайт. Бул бийлик жыргабайт, күнү бүттү.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу