Алмаз Шадаев, ырчы: «Менин деңгээлим эл аралык сынактарга катышууга жетпейт»

-Алмаз, туулган күнүңө канчалык маани бересиң? Бул күндү кантип өткөрөсүң?

—  Чынын айтсам, туулган күнгө көп деле маани бербейм. Бирок туулган күнүмө бир күн калганда эмнегедир толкундана берем. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, мактоо сөздөрдү угуудан уялам. Деле бир да жолу болгон тааныштарымдын баарын чакырып алып туулган күн тоскон эмесмин. Туулган күнүмдү досторум менен эле чакан чөйрөдө белгилеп коем. Болгон тааныштарды, гезит-журналдарды чакырып алып туулган күн белгилегенден уялам. Эми бул күн ар бир адам үчүн өзгөчө күн. Себеби ошол күнү жарык дүйөгө келип, жашыбызга жаш кошулуп өмүр сүрүп жатабыз. Андыктан мындай жеке майрамды эң жакын адамдардын курчоосунда белгилеп койсо болот деп эсептейм.

— Чыгармачыл адамдарга майрамдарда белектер көп берилет эмеспи. Туулган күнүңдө алган эң өзгөчө белегиң?

— Ооба, биздин чөйрөдөгү бойдок жигиттерге күйөрман кыздардан белектер көп келет. Туулган күнгө бир жума калганда эле күйөрмандарыбыз социалдык тармактардан куттуктоо сөздөрүн жазышып, “белектерибиз бар эле, жолугуп берели дегенбиз” деп суранып калышат. Чынында убакыттын тардыгы биздин жолугушууларга жолтоо болот. Туулган күн күнү жакындарым менен эле жолукпасам, башка адамдарга убакыт жетпей калат. Ошондуктан көп белектер алынбай калып кетет. Бул албетте, өкүнүчтүү. Себеби алар да белекти акча коротуп алышат, аны алуу үчүн убактыларын бөлүшөт дегендей, баарын түшүнөбүз жана белектерин ала албай калган күйөрмандарга ыраазычылык айтып, кечирим сурайм. Ал эми эң оригиналдуу белек туурасында айтсам, чын көңүлдөн чыккан ар бир белек мага өзгөчө көрүнөт. Кандай белек болбосун ыраазычылык менен алам.

— Жай айларын кандай өткөрдүң, чыгармачылыкка убакыт бөлө алдыңбы?

— Жай айларын гастролго арнадым. Ысык-Көлдүн бардык айылдарын кыдырып, концерт берип келдим. Бирок ыр жаздырып, клип тартканга убакыт бөлө албадым. Гастролго чыгаарда «Жаным эй» деген ырды жаздырып, клип тарттырып кеткем. Жай айында ошол ырым радиолордон жаңырып, теледен клиби көрсөтүлүп жатты. Эми азыр кайра чыгармачылыкка киришип, жаңы ырлардын үстүндө иштеп баштадым.

-Азыркы учурда кандай ыр жаздырып жатасың?

— Азыр «Ардактуу айылым болсо экен» деген ыр жаздырып жатам. Карап көрсөм, акыркы 2 жылдан бери шаңдуу ыр жаздыра элек экем. 2016-жылы «Күлүп койчу Айдай» деген ыр жаздырыптырмын. Андан кийин башка эле темадагы ырларды жаздырып, көбүнчө жай ырларды ырдап жүрүптүрмүн. Анан эми элге шаң тартуулай турган шаңдуу ыр жаздырайын деп шаңдуу ыр жаздырдым. Бул ырдан кийин да жаңы ырларды жаздырганы жатам. Ал ырлардын катарына «Жаркырасын Кыргызстан» деген дастанымдын экинчисин жана «Отуз жаш» деген жакшы ыр кошулганы турат. «Отуз жаш» деген ыр абдан жакшы жазылган, азыр жашым 28де, бирок ошого карабай ушул ырды жактырып, ырдагым келип жатат. Ушул ыр мени чыгармачылыкта бир тепкичке көтөрө турган ыр болот экенине ишенип турам.

— Ырчылыктагы эң негизги максатың?

-Ар бир адам жан дүйнөсү каалаган, жүрөгү самаган нерсени ишке ашырат эмеспи. Менин ырчы болушумдун да эң башкы максаты — жан дүйнөмдүн каалоосун ишке ашыруу болчу. Бала кезимде ырчы болом деген каалоом мени чыгармачылыкка алып келди. Эл алдында ырдасам деген тилегим ишке ашып, эл алдына чыгып ырдадым. Кесибим ырчылык болбосо да ырдап, ушул тармакка аралашып, ыр менен нан таап жей баштагандан тартып, жөн гана эл алдына ырдасам деген тилегим элиме кызмат кылсам, маданиятка салым кошсом деген чоң тилекке айланды. Азыркы максатым элиме кызмат кылып, жакшы ыр тартуулоо десем жаңылышпайм.

— Эл аралык сынактарга катышып көрдүң беле, катышуу ойлоруң барбы?

— Эл аралык сынактарга катышып көргөн эмесмин, катышайын деген оюм да жок. Себеби бизде сынактарга катыша турган ырчылар көп. Мен жөн эле элиме ырдап жүрө берейинчи. Сынакка катышуу үчүн билим алыш керек. Бийик музыкалык билим жана деңгээл керек деп ойлойм. Менин деңгээлим эл аралык сынактарга катышууга жетпейт. Сынактарга катышып жаткан ырчылардай 5 жыл консерваторияда билим алган эмесмин. Ошондуктан элимдин табитиндеги ырларды аткарып жүрө бергеним эле туура го деп эсептейм.  

— Ырчынын баары эле атактуу болууну каалашат эмеспи. Атыңды чыгаруу үчүн кара пиар колдонуп көрдүң бердиң беле?

— Сахнада жүргөнүмө 8 жылдын жүзү болду. Ошол жыл аралыгында бир да жолу атымды чыгаруу үчүн кара пиар колдонууну ойлобоптурмун. Жөн гана ыр жаздырып, ырдап гана жүрө бердим. Акыркы 2-3 жылда жаздырган ырларым эл оозуна алынып, менин атымды чыгара баштады. Атың чыккандан кийин ар кандай ушактар, кара пиар өзү эле сага келип жармашып турат экен. Бир сөзүң он сөз болуп, кылбаган нерсени кылдырып коюшат экен.

— Алгачкы жолу берген концертиң эсиңдеби?

— Албетте эсимде. Эң биринчи жолу «Жаным ай» деген ыр жаздырып, ал ырым эл тарабынан жакшы кабыл алынып, 2015-жылы «Жаным ай» деген ат менен 8-ноябрда жеке концертимди бергем.

— Сахналаш досторуңа атаандашасыңбы?

— Жок атаандашпайм, ар кимдин өз ырыскысы, күйөрманы, угарманы бар. Сахналаш досторумдун баары менен катышып турам. Баары менен жакшы мамиледемин.

— Сени орой дешет, өзүңө кандай мүнөздөмө бересиң?

— Ар бир адамдын өзүнө жараша мамиле кылам. Ырчымын, эл эмне дейт деп унчукпай калбайм. Оройлорго орой, сылыктарга сылык болом. Менин намысыма шек келтиргендерге унчукпай коё албайм. Бирок мен абдан жөнөкөй адаммын. Мени жакындан тааныгандар мүнөзүмдү жакшы билишет.

Жаркынай Кадыркулова

БУЛАК: ФАБУЛА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу