Алмаз Шаадаев, ырчы: «3 миң сом үчүн ызы-чуу кылып, элге жарыялап салыптыр. Эми таптакыр бербейм»

Жакында эле белгилүү алып баруучу Айгүл Курманова интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына ырчы Алмаз Шаадаев 2 жыл мурун койгон концертинде ага көмөктөшкөн командага жана алып баруучуга акы төлөй электигин жазып чыккан.

Бул билдирүү коомчулукка кенен жайылып, ырчы тууралуу айтылган түрдүү сын-пикирлердин аягы азыркыга чейин сууй элек.

«2015-жылы тушоо кесүү концертимди бергем. Чынын айтсам эл аз кирип, залдын 60 пайызы гана толгон. Жыйынтыгында алып баруучу, бийчи, жарык койгондордун акчасын төлөй албай, алар менен кийинчерээк эсептешкем. Ал эми концертиме алып баруучу катары Урмат Борченовду 10 миң сомго сүйлөшкөм. Бирок ал «мен өзүм жалгыз эмес, Айгүл Курманова менен чогуу алып барайын. Аны да бир аз ыраазы кылып кой» деген. Чынында Курманованы таптакыр таанычу эмесмин, Урмат сунуштаганы үчүн эле макул болгом. Ошентип концерт башталып, алып баруучулар залга чыгып, Айгүл эже орусча сүйлөп баштаса болобу. Көрсө ал дайыма орус тилинде алып барчу экен. Мен аны билген эмесмин. Ошол жерден маанайым түшүп калган. Концерттин соңунда бардык командага абалымды түшүндүрүп, карыздарымды тойлор менен жабууга сүйлөшкөм. Ал эми Айгүл Курманова ошол жерден кетпей туруп алгандыктан, апамдан 100 доллар алып берип, дагы 3 миң сом калган. Азыр ошол 3 миң сом үчүн ызы-чуу кылып, элге жарыялап салыптыр. Андан көрө менин өзүмө байланышып, ошол сумманы сураса дароо эле бермекмин. Жалпы элге жарыялаганы үчүн эми таптакыр эле бербей коёюн деп чечтим», — дейт ырчы.

Ал эми алып баруучу өзү бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу