Алмаз Шаадаев кайрадан эл чордонунда. Эч кимдин пикирин көзгө албаган ырчы мырза, куудул Назира Жетигеновага көзүн жумуп, тамшанып турган сүрөтүн жүктөп, каткырган быйтыкчалар менен чогу, «Жыттап алдым»-деп жазып чыккан. Бул сүрөттү, жана астындагы билдирүүнү окуган интернет колдонуучулар катуу сынга алууда. Кээ бири, «Уят, мындай жазганың! Улуу эле эжего. Бизге тарбиялуу сөдөрдөн калтырбайсыңбы!»-десе дагы бири, «Маданияттын чөйрөсүндө жүргөндөн кийин өзүңөрдү адептүү кармагылачы!»- деген сындуу ой-пикирлерин калтырышууда.
БУЛАК: argument.kg