Алмаз Шаадаев, ырчы: “Мени «каралагандарга» маани деле берген жокмун!”

Gezit.kg электрондук гезитинин окурмандары тарабынан «Мыкты ырчы мырза — 2017» наамына татыган  Алмаз Шаадаев акыркы жаңылыктары менен бөлүштү…

— Жайдын ысык аптабында күйөрмандарың үчүн кандай ысык жаңылыктарың бар?

— Чыгармачылыкта кызуу эмгектенип жаткан учурум. Ысык-Көл жергесиндеги айылдарды кыдырып концерт берип жүрөм. Буйруса, Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып келүү ниетиндемин. Ошондой эле “Жаным эй” деген жаңы чыгарманы элге сунуштадым. Кудайга шүгүр, жакшы пикирлер айтылууда. Бир чыгармачыл адамдар суук сөзгө үшүп, ооруп калабыз. Ал эми жылуу, мактоо сөздөр кадимкидей дем берип турат. Күйөрмандардын колдоосу, кол чабуусу көп ооруладан айыктырат десем болот. Андыктан алар үчүн жеңимди түрө эмгектенип, жакшы чыгармаларды аткара бермекчимин.

— “Эми мага баары бир” деген клип 5 миллиондон ашык көрүүчү топтогон экен. Муну Кыргызстандагы “рекорд” десе болобу?

— Алгач ушундай сонун чыгарманы жаратып койгон Гүлжигит Сатыбеков агама ыраазычылык айта кетейин. Бул ырды автордун уруксаты менен жаңы вариантта ырдап чыктым. Кудайга шүгүр, элге жакшы тарады. Ютуб каналында эң көп көрүүчү топтоду, “рекорд” десек деле болчудай.

— Интернеттин жакшы жагы чыгармачылыкты гүлдөтүүгө зор мүмкүнчүлүк бар. Ал эми жаман жагы деп эмнесин айта аласың?

— Жаман жагы – ошол ар бир кыймылыңды көзөмөлдөш керек болуп калат экен. Баскан турганыңды абайлап турбасаң ар кандай багытта интернетке бурмаланып тарап кетет (күлүп). Жакшы жагы – өтө көп. Эң негизгиси күйөрмандарым менен түзмө-түз байланыштамын.

— Интернет демекчи, жергиликтүү телеканалдын түз эфирине барбай койгондугуң тууралуу видео интернетке тарап, кызуу талкуу жаратты. Ошол боюнча өз оозуңдан уксак?..

— Мени каралап жаткан телеканалга теңелип, алардын деңгээлине түшкүм келбейт. Чырдын башы эфирге бара албайм дегенден улам башталган. Ошол телеканалдын кызматкери мени бир нече ирет эфирге чакырганда, “таңкы эфирге бара албайм, анткени, уктап калып, уят болуп калбайын”деген жообумду айткам. Жумуштарга байланыштуу таң эрте турууга мүмкүнчүлүк жок эле. Анан дагы “сөзсүз барам”деп убада берип барбай койсом бир жөн. Мен деле шартыма карап барам да чакырган жерлерге. Кыскасы ошол кабарчы экөөбүз тил табыша албадык көрүнөт. Эфирге бара албай калгандыгым үчүн мен тууралуу видео ролик жасап чыкты. Кайра ал видео бардык жактан өчүрүлүүдө. Тагыраак айтсам, “тынчтык келишимине кол коюулууда”. Алар видеону өчүрөбүз, мындан ары сый бололу деп менин инстаграмга жазып чыккан постумду да өчүрүп салууга үндөштү. Мен буга да каршы эмесмин. Тынч гана чыгармачылыгымды өркүндөткүм келет. Чындыгында мени каралагандарга көп көңүл бурган эмесмин.

— «Керек болсо ырчыларды силердин каналга баргыс кылып коём» деген экенсиң?..

— Кара тизмеге кирдиң деп, мен чыга турган эфирди токтоткондо ачууланып, “Керек болсо досторумду сенин таңкы эфириңе баргыс кылууга кудуретим жетет” дегем. Бул сөзүм бурмаланып кетти. Минтип мени каралайбыз деп ойлобой эле койсун. Эмнеге билбейм, ушунчалык өчөшкөн экен, Чубак ажы боюнча видеону да козгоп кетиптирМен “лампочка” болсом эмнеге эфирине чакырат? Баарына жагыш кыйын. Андыктан, күйөрмандарым үчүн чыгармачылыкка дагы да баш-отум менен киришип, иштей бермекчимин!

БУЛАК: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу